Ссылки доступа

АКШ Украинага Patriot системаларын жеткирүүнү тездетет


Patriot абадан коргонуу системалары. Варшава шаары, февраль 2023-жыл
Patriot абадан коргонуу системалары. Варшава шаары, февраль 2023-жыл

Украинага Patriot абадан коргонуу системалары алгач пландалгандан кыйла эртерээк жеткирилет. Бул тууралуу CNN телеканалы Пентагондун өкүлдөрүнө шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, 65 украин аскеринен турган топ АКШнын Форт-Силл базасындагы машыгуусун жакынкы күндөрү аяктайт. Андан соң алар Европага келип, Украинага жеткириле турган эки Patriot системасында кошумча машыгууларды өткөрүшөт.

Украин жоокерлери АКШнын Форт-Силл базасында 15-январдан бери машыгууда. Инструкторлордун айтымында, алардын абадан коргонуу системаларында иштөө боюнча базалык билими бар болгондуктан, машыгууну кыска аралыкта аяктоого мүмкүн болууда.

АКШ тарап Patriot абадан коргонуу системаларында машыгууга алгач 10 жума убакыт бөлсө, украин аскерлери аны болжол менен сегиз аптанын ичинде аяктаганы турат.

XS
SM
MD
LG