Анын айтымында, сырдын ачыкка чыгышынан АКШ зыян тартып, өзүнүн "алсыз жактарын" көрсөттү. Кошмо Штаттар Түштүк Кореяны тыңшаганы жөнүндө маалыматтын тарашы – эң негизги маселе.
"Украинага курал жөнөтүү же мурда жөнөтүлгөндөрүн алмаштыруу үчүн Түштүк Кореянын ок-дарыларды сатууга макул болор-болбосун билүү максатында АКШ Сеулдун ички сүйлөшүүлөрүн тыңшаган сыяктуу. Түштүк Корея өкмөтүн тыңшоо – олуттуу зыян алып келди", - деди Хожес.
Ал тыңшоо – ишенимди кетирип, келечекте мамилелерди татаалдаштырарын кошумчалады.
6-апрелде New York Times басылмасы "Твиттер" менен "Телеграмда" Пентагондун жашыруун документтери тарап жатканын жазган. Документтерде Киевдин контрчабуулга өтүү планы, АКШ жана НАТОнун украин армиясын күчтөндүрүү аракеттери жөнүндө жазылган.