Ссылки доступа

Turkish Airlines орусиялык учкучтарды окутуудан баш тартты


Turkish Airlines авиакомпаниясынын окутуу борбору Орусиянын пилотторун атайын тренажердук аппараттарда окутуудан баш тартты. Бул тууралуу The Insider басылмасы кабарлап, маалыматты орусиялык авиакомпаниялардын бири ырастаганын билдирди.

Turkish Airlines окуу борборунун расмий катында мындай чечим "Учуулардын коопсуздугу боюнча европалык агенттиктин санкциялары күчөтүлгөнүнө" байланыштуу кабыл алынганы жазылган.

The Insider кайрылган эксперттер түркиялык окуу борбордун артынан башкалар да ушундай чечимдерди кабыл алат деп эсептешет. Алардын пикиринде, тренажерлордо машыгуусуз Орусияда учуулардын, өзгөчө алыс аралыкка уча турган Boeing B777 жана Airbus A350 учактарындагы коопсуздук кескин төмөндөйт.

Буга чейин Түркиянын бир нече банкы, анын ичинде Iş Bankası жеке банкы Орусиянын "Мир" төлөм системасы менен иштешүүнү токтоткону белгилүү болгон. Мындан тышкары социалдык түйүндөргө Түркиядагы бир катар мейманканалар орус банктарынын карталарын кабыл алуудан баш тартып жатканы жөнүндө билдирүүлөр чыккан.

Өткөн аптада америкалык Financial Times басылмасы орус банктары менен кызматташып, "Мир" төлөм системасы аркылуу санкцияларды кыйгап өтүүгө жардам берип жатканы үчүн АКШ менен Евробиримдик Түркияга басым жасап жатканын кабарлаган.

АКШнын Мамлекеттик департаменти өлкө Орусияга каршы киргизилген санкциялардын сакталышын Түркияда гана эмес, Кавказ жана Борбор Азия өлкөлөрүндө да көзөмөдөөгө ниеттенип жатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG