Ссылки доступа

Украина Орусия бир суткада 600дөн ашык аскеринен ажыраганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт. Бахмутка жакын жерде Т-72 украин танкынан чыккан от. 26-март, 2023-жыл.
Иллюстрациялык сүрөт. Бахмутка жакын жерде Т-72 украин танкынан чыккан от. 26-март, 2023-жыл.

27-март күнү эртең менен Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы өткөн суткада Орусия 610 аскерин жоготконун билдирди.

Украинанын маалыматына караганда, 2022-жылдын 24-февралынан бери Орусия жапысынан 171 160 аскерин жоготту.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Орусия 3 595 танкынан, 6 953 аскердик брондолгон унаасынан, 2 638 артиллериялык системасынан жана 523 реактивдүү жапырт ок атуучу системасынан кол жууганын да белгиледи.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 18-февралда Коопсуздук боюнча Мюнхен конференциясында Украинада кеңири масштабдагы согуш башталгандан бери Орусиянын 200 миңдей аскери өлгөнүн жана жаракат алганын айткан.

Орусия өлгөн аскерлери жөнүндө так маалымат бербейт. Өлкөнүн Коргоо министриги акыркы жолу 2022-жылдын 21-сентябрында отчет берип, 5937 аскери мерт болгонун кабарлаган.

XS
SM
MD
LG