Ссылки доступа

Польшада темир жолдо бүлгүн салууга шектелген орусиялык топ кармалды


Польшада Орусиянын пайдасына тыңчылык кылган жана өлкө аймагында диверсиялык иштерди жасоого даярдык көргөн деген шек менен алты чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү Wyborcza гезити кабарлады.

Маалыматка караганда, кармалган жарандар Польшанын темир жолдоруна орнотулган жашыруун видеокамералар аркылуу поезддердин кыймылына көз салып жүрүшкөн.

RMF FM радиосу кабарлагандай, жашыруун камералар негизинен темир жол түйүнүнүн Подкарпатск аймагындагы бөлүктөрүнө орнотулган. Бул аймакта Батыш өлкөлөрүнөн келип жаткан курал-жарак менен ок-дарыларды кайра жүктөп, Украинага жөнөтө турган башкы пункт жайгашкан.

Dziennik.p басылмасынын маалыматына караганда, бул окуяга байланыштуу Польшанын темир жол түзүмү жана маанилүү инфраструктуралык объектилери, ошондой эле полиция менен атайын кызматтын өкүлдөрү күжүрмөн даярдыкка өткөрүлдү.

Польшанын Ички иштер министрлиги шектүүлөрдүн кармалышы боюнча кийинчерээк кеңири маалымат берүүнү убадалады.

XS
SM
MD
LG