Иброхим Ахмадов "алдамчылык" жана "мыйзамсыз миграцияны уюштуруу" беренелери боюнча айыпталууда. Тажикстандын Ички иштер министрлиги бул иште 150дөй жабырлануучу бар экенин билдирди. Бул боюнча ишкана жетекчилигинин пикирин алууга мүмкүн болгон жок.
Жабырлануучулардын бири Кароматулло Назаров Улуу Британияга сезондук жумушка бааруу үчүн "Даври истиклол" компаниясына 18 миң сомони төлөп, бирок эч нерсеси жок калганын билдирди.
"2023-жылдын октябрь айында биз социалдык тармактарда "Даври истиклол" компаниясынын жарнамасын көрдүк. Анда алар үч айдын ичинде Англияга ишке орноштурууну убада кылышкан. Акчаны төлөп бердик, ошондон бери компаниядан эч кандай кабар жок", — деди ал.
Буга чейин Улуу Британиянын Тажикстандагы элчилиги бул өлкөдө жумушка орношуу боюнча алдамчылык фактылары көбөйүп жатканын билдирип, жарандарды мыйзамдуу жол менен гана ишке чыгууга, социалдык тармактардагы ар кандай жарнамаларга жана агенттиктерге ишенбөөгө чакырган.