"Биз үчүн демаркация деген эмнени билдирет? Бул Армения Республикасы баштала турган жерди табуу. Ал кайсыл жерден башталып, кайдан бүтөрүн баарыбыз жакшы билебиз, силер менден да жакшы билесиңер", – деди Пашинян Армениянын чийилген контурлары менен макеттерин көрсөтүп.
Ал армян бийлиги Армения менен Азербайжандын ортосундагы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо ишин "согушка жол бербөө үчүн" баштаганын белгиледи. "Бул процесс практикалык бөлүгүнө өтүүдө. Атайын түзүлгөн комиссия барып, Армения Республикасы кайсыл жерден башталарын чечиши керек. Кийин ал мамлекеттик чек ара болуп калышы зарыл", – деди Пашинян.
"Азаттыктын" армян кызматы жергиликтүү тургундарга шилтеме кылып кабарлагандай, жолугушуунун жүрүшүндө премьер-министр чек арага жакын жайгашкан айылдардын жашоочуларын тынчсыздандырган суроолорго так жооп берген жок, бирок бардык кооптонуулар эске алынарын убадалады.
Тавуш райондук акимчилигинин башчысы Нвер Бегларян эгер чек арага жакын айылдар Азербайжанга берилсе, бир катар калктуу конуштардын жана Ноемберян шаарынын тургундары жолдорду бууп, өз алдынча коргонуу штабдын түзүүгө даяр экенин билдиришкенин эскертти.
Буга чейин расмий Баку Армениядан чек аралаш Тавуш жана Газах райондорундагы төрт айылды тез арада кайтарып берүүнү талап кылган. Пашиняндын айтымында, Азербайжан талап кылып жаткан төрт айыл – Баганис Айрум, Ашаг Аскипара, Хейримли жана Гезилхажилы де-юре Армениянын аймагында жайгашкан эмес.
Чек арага жакын жайгашкан армян айылдарынын тургундары "бул жерде да Карабактагыдай болушу мүмкүн" деген кооптонууларын билдирүүдө.
Карабакка байланыштуу Армения менен Азербайжандын ортосундагы талаш 1980-жылдардын аягынан бери уланып келет. Анда негизинен армяндар отурукташкан Тоолуу Карабак автоном облусу Армениянын колдоосу менен Азербайжан ССРинин курамынан чыкканын билдирип, 1991-жылы "Тоолуу Карабак республикасы" түзүлгөнүн жарыялаган.
1988-1994-жылдары жикчил аймактагы куралдуу жаңжалдардан 30 миң киши өлгөн. Тоолуу Карабак жана ага жакын жайгашкан Азербайжандын бир нече району Армениянын куралдуу күчтөрүнүн көзөмөлүнө өткөн. Жыйынтыгында жүз миңдеген тургун, негизинен этникалык азерилер качкын болуп, жер которууга мажбур болушкан.
"Тоолуу Карабак республикасын" БУУга мүчө бир дагы өлкө, анын ичинде Армения да расмий түрдө тааныган эмес. 1993-жылы БУУ Карабак аймагынан армян аскерлерин чыгаруу жана аймакты Азербайжандын бөлүгү деп таануу талабы менен төрт резолюция кабыл алган.
Былтыр 19-сентябрда Азербайжан Тоолуу Карабак аймагында "антитеррордук операция" баштаганын жарыялап, анын жыйынтыгында жикчил аймактын лидерлери Бакунун шарттарына макул болуп, багынып беришкен.
Эл аралык коомчулук тааныбаган "Тоолуу Карабак республикасынын" лидери Самвел Шахраманян түзүмдү 2024-жылдын 1-январынан баштап жоюу жана ал жактагы мекемелерди таркатуу тууралуу буйрукка кол койгон.
Бул окуялардан кийин Тоолуу Карабактагы 120 миңдей этникалык армяндардын жүз миңден көбү Арменияга чыгып кеткен.