Ссылки доступа

Грузияда Орусия менен визасыз режимди жокко чыгарууну талап кылышууда


Грузияда жыйырмадан ашуун өкмөттүк эмес уюм биргелешкен билдирүү тараптып, орусиялыктар үчүн виза режимин киргизүүнү сурашты.

Алар орусиялык туристтердин эч көзөмөлсүз жана жапырт түрдө өлкөгө кирүүсү, ошондой эле батыштын санкциясынан качуу үчүн Грузияга оогон ишкерлер мамлекеттүүлүккө коркунуч жаратат деп эскертишүүдө.

Билдирүүнүн авторлору акыркы расмий маалыматтарга шилтеме кылып, март айынан июль айына чейин 350 миңге жакын орусиялык Грузияга турист катары эле эмес, отурукташуу үчүн да келгенин жарыялады. Алар Тбилисиден жана Батумиден терт миңге жакын турак жай сатып алып, алты жарым миңден ашык ишкана ачкан. 14 миңдей орусиялык Грузияда жашоого уруксат алган.

Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү Грузия көз карандысыздыгын жоготуп алышы ыктымал деп сестенишүүдө. Алардын ырасташынча, Москва отурукташып калган орусиялыктардын көптүгүнөн пайдаланып мекендештерин коргоо шылтоосу менен аскерин киргизип, Грузиянын аймагынын бир бөлүгүн көзөмөлгө алууга аркет кылат деп кооптонушууда.

Бийликтеги “Грузин кыялы” партиясы жана Ираклий Гарибашвилинин өкмөтү орусиялык ишкерлердин Грузияга бизнесин которгонун, мүлк сатып алуу көбөйгөнүн коркунуч катары көрбөйт. Гарибашвили туристтердин көбөйүшүн “миңдеген жумуш орундарын түзүп, өлкөдөгү жакырчылыкты жеңүүгө жардам берет” деди.

Видео

Видео

- Ош - Изник: 45 күндө беш өлкөдөн өткөн ардагер
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00
XS
SM
MD
LG