Ссылки доступа

Өзбекстанда парламент төрайымынын Матвиенконун алдында айткан сөздөрү сынга алынды


Өзбекстанда социалдык түйүн колдонуучулары Олий Мажилис Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаеванын орусиялык кесиптеши Валентина Матвиенконун колунан "Достук" орденин алганын жана анын ыраазычылык катары айткан сөздөрүн кескин сындап жатышат.

Сыйлык Орусиянын президенти Владимир Путиндин атынан 28-октябрда Самарканд шаарында өткөн КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттер аралык ассамблеясынын 54-сессиясынын жүрүшүндө тапшырылган.

Орусиянын Федерациялар кеңешинин ишмердүүлүгүн чагылдырган Senatinform.ru сайтынын маалыматына ылайык, Өзбекстан парламентинин Жогорку палатасынын төрайымы бул сыйлыкты алуу "чоң сыймык" экенин айтып, "президент Владимир Путинге чын жүрөктөн ыраазычылык билдиргим келет, биз бул орденди сөзсүз түрдө эмгегибиз менен актайбыз" деп айткан.

Өзбекстандын жетекчилигиндеги экинчи адам болуп эсептелген Сенат төрайымынын Кремлден орден алганы жана "аны сөзсүз түрдө эмгек менен актайбыз" деген сөздөрү социалдык түйүндөрдөгү активисттердин кескин нааразылыгын жаратты.

"Кызык, алар Путлердин (Орусиянын президенти Путин – ред.) орденин кантип эмгек менен актаганы жатышат. Бул кийин иштеп бересиңер деп аванс катары ыйгарылдыбы? Адилетсиз согуш жүргүзүп жаткан шовинисттик-неоимпералисттик ак падышадан медалдар менен ордендерди алар алып жатат, а биз бул үчүн уялып жатабыз", – деп жазды ташкенттик журналист Сардор Салим Faсebook баракчасына.

Орусиянын Украинага кол салуусунун фонунда өзбек интеллигенциясы улуттун менталитетин кулчулук жана постколониалдык ой жүгүртүүдөн тазалоо зарылдыгын айтып келет. Блогерлердин айтымында, Нарбаеванын "моюн сунган жүрүм-туруму" да коомчулук тарабынан постколониалдык ой жүгүртүүнүн призмасы аркылуу бааланууда.

Белгилүү блогер Санжар Хожинин айтымында, өлкөдөгү 45тен ашкан адамдар, анын ичинде Нарбаева Ата Мекен дегенде СССР жөнүндө ойлонушат. "Алгач элдин ишенимин актаңыз, эже!", – деп жазды активист, экономист Барногул Санакулова.

Социалдык түйүн колдонуучуларынын көбү Сенат төрайымынан расмий комментарий сурашты. Азырынча Жогорку палатанын расмий маалыматтык каналдарында жана Танзила Нарбаеванын социалдык түйүндөрдөгү баракчаларында бул боюнча эч кандай комментарий жок.

XS
SM
MD
LG