Ссылки доступа

Драупади Мурму Индиянын жаңы президенти болду


Драупади Мурму
Драупади Мурму

Индиянын жаңы президентинин талапкерлигине Улуттук-демократиялык альянстан Индия элдик партиясынын башчысы Драупади Мурму жарыяланды.

Ал республикада экинчи аял президент жана төмөнкү уруулардын арасынан чыккан алгачкы мамлекет башчы болуп калды.

Мурму – сантал уруусунан чыккан. Ал Одиша штатындагы байыртадан бери төмөнкү социалдык макамдагы уруу болуп эсептелет. Азыркы президент Рама Натха Ковинданын ыйгарым укуктары 24-июлда бүтөт. Мурму 25-июлда президенттикке ант берет.

Мурму 64 жашта. Бхубанешвар шаарындагы Рама Деви аялдар университинин искусство бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү. Мурму Одиши өкмөтүнүн кеңешчиси, штаттын транспорт министри болуп иштеген. Жергиликтүү парламентке эки жолу шайланган. 2015-жылы Жаркханд штатынын алгачкы аял губернатору болгон.

Индия президенти негизинен өкмөттүн токтомдорун бекитүү менен өкүлчүлүк функцияларды аткарат.

XS
SM
MD
LG