Ссылки доступа

Каракалпакстандагы нааразылыктын 39 катышуучусунун соту башталды


В СИЗО в Узбекистане умер Полат Шамшетов, сын первого и единственного президента Каракалпакстана
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:00:56 0:00

Абакта Каракалпакстандын биринчи жана жалгыз президентинин уулу Полат Шамшетов каза болду

Бухара облустук сотунда Нукустагы нааразылык иши боюнча айыпталган 39 кишинин соту башталды. Бул тууралуу Өзбекстандын Жогорку соту билдирди.

Камактагылардын ичинен 20 кишиге жапырт башаламандыктарды уюштуруу кинеси тагылды, дагы жетөө коомдук коопсуздукка коркунуч жараткан материалдарды таратууга айыпталды.

Мындан башка жети киши эки же андан көп адамдын ден соолугуна оор зыян келтирүүгө шектелсе, төртөө мыйзамсыз куралга ээ болууга күнөөлөнүп жатат. Фигуранттардын бири кыйноо колдонуу менен карактоого айыпталууда.

Жогорку соттун басма сөз кызматы айыпталуучулардын арасында, банктын юристи, адвокат, журналисттер, айдоочулар, жумушсуздар жана башкалар бар экенин белгиледи. Соттун чечими менен алардын баары камакка алынган.

31-январда Бухарада Каракалпакстандагы нааразылыктын 22 катышуучусунун соту өткөн. Акциялардын башкы уюштуруучусу катары эсептелип жаткан журналист Даулетмурат Тажимуратов 16 жылга түрмөгө кесилген. Сот дагы 15 кишини үч жылдан сегиз жарым жылга эркинен ажыраткан.

Каракалпакстан окуялары боюнча айыпталган дагы бир катар киши, анын ичинде журналист, Makan.uz сайтынын негиздөөчүсү Лолагүл Каллыханова шартуу түрдө жаза алган. Сот алардын баш коргоо чарасын өзгөртүп, камактан чыгарган.

Былтыр 1-2-июлда Каракалпакстандын борбору Нукуста жергиликтүү тургундар Өзбекстандын Конституциясынан жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу беренени алуу сунушуна каршы чыгышкан.

Митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 21 киши каза тапканын, 243 адам жараат алганын кабарлаган. 500дөн ашуун киши кармалган.

XS
SM
MD
LG