Мекеменин маалыматына караганда, быйыл тест тапшыруу үчүн 100 миңден ашык абитуриент каттоодон өттү. Былтыр бул көрсөткүч 96 миңди түзгөн.
"Буга чейинки жылдары абитуриенттердин көбү документтерин чет өлкөлөрдө окуу үчүн тапшырып келишкен. Быйыл андайлар азайды. Адистер азырынча бул тенденциянын так себебин анализдеп чыга элек", – деди Улуттук тестирлөө борборунун өкүлү Замира Абдусаломзода.
Адистер Тажикстандагы ЖОЖдордо билим алууну каалаган абитуриенттердин көбөйүшүн чет өлкөлөрдө, анын ичинде Орусияда окуугусу келгендердин азайганы менен байланыштырып жатышат. Талдоочу Рахмон Ульмасовдун айтымында, сыртта окууну каалаган абитуриенттердин азайышы "Крокус Сити Холл" концерттик залындагы терактка байланыштуу болушу мүмкүн.
"Буга Орусиядагы мигранттардын шарты, ошондой эле акыркы окуялар себеп болушу мүмкүн. Анткени ар бир ата-эне баласынын коопсуз жерде болуусун каалайт эмеспи. Албетте буга күн сайын эле ЖМКларда мигранттар жөнүндө терс маалыматтардын жарыяланып жатышы да таасир этти", – деди Ульмасов.
Москва облусундагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында болгон теракттан кийин Орусиядагы мигранттардан негизсиз кармоолор, катаал мамиле кылуу жана өлкөдөн күч менен чыгаруу учурлары кескин көбөйгөнү боюнча даттануулар түшкөн.
Расмий маалыматтарга ылайык, Орусиянын жогорку окуу жайларында 35 миңден ашык тажикстандык студент жана аспирант билим алууда. Бул сан быйыл канчалык деңгээлде өзгөргөнү белгисиз.
Тажикстанда 2021-жылы "Аскердик кызмат жөнүндө" жаңы мыйзам кабыл алынып, буга чейинкидей ЖОЖдордун аскердик кафедраларын аяктаган студенттер армиядан бошотулбай калган. Мындан улам бир нече жылдан бери өлкөдөгү жогорку окуу жайларга кабыл алуу планы аткарылбай келет. 2023-жылы абитуриенттер үчүн 121 миңден ашык орун каралса, анын 55 гана пайызы толгон.