Ссылки доступа

Нуланд: АКШда Украинага согуштук учактарды берүү ыктымалдыгы талкууланып жатат


Виктория Нуланд
Виктория Нуланд

Вашингтондо Украинага төртүнчү же бешинчи муундагы согуштук учактарды берүү маселеси талкууланып жатат. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Виктория Нуланд The Washington Post басылмасына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ыктымал учактарды берүү тууралуу чечим Киевдин муктаждыктары баалангандан кийин кабыл алынат.

Нуланд ошондой эле Вашингтон стратегиялык өзөктүк куралды чектөө келишиминин алкагында эки тараптуу инспекцияларды кайра калыбына келтирүүнү каалай турганын билдирди. Буга чейин Москва аталган келишимден бир тараптуу чыкканын жарыялап, бул чечимин Украинанын Орусиянын стратегиялык авиациясына жасаган соккуларына Батыштын тиешеси бар экендиги менен түшүндүргөн. Мамлекеттик катчынын орун басары орус бийлигинин бул билдирүүсү Орусиянын ички аудиториясына багытталган деп эсептөөдө.

Мындан тышкары Нуланд Мамлекеттик департаменттин башчысы Энтони Блинкен менен Кытайдын тышкы саясат боюнча башкы кеңешчиси Ван Инин Мюнхен конференциясындагы жолугушуусу тууралуу пикирин айтты. Анда Блинкен Украинадагы согушта пайдалануу үчүн Кытай Орусияга курал-жарак берип жатканы боюнча тынсыздануусун билдирген.

Нуланд Кытай Киев менен Москванын ортосундагы сүйлөшүүлөргө ортомчу болууну сунуштаганын белгиледи. Ошол эле маалда ал эгер Бээжиндин Орусияга курал берип жатканы ырасталса, Вашингтон кытай компанияларына каршы жаңы санкцияларды киргизүүгө даяр экенин кошумчалады.

Ал арада Украинанын президенти Владимир Зеленский Киев Бээжинге жолугуушуу тууралуу билдирме жөнөткөнүн билдирди. Зеленский Украинада тынчтык орнотуу боюнча Ван И айткан Кытайдын планын көрбөгөнүн, бирок ал жөнүндө маалыматы бар экенин айтты. "Азырынча ал документке баа берүүгө өтө эрте. Жалпысынан Кытайдын Украина жөнүндө айта баштаганы жакшы көрүнүш", – деди Зеленский.

XS
SM
MD
LG