Ссылки доступа

Нур-Султанда Январь окуясында курман болгондордун жакындарын полиция кармап кетти


6-сентябрда Нур-Султандагы президент администрациясына арыз ташырууга келген 20дай кишини полиция кармап кетти.

Алар Январь окуялары боюнча камакта отургандардан айыптарды алып салууну жана тополоң учурунда өлгөн жакындарынын ишин ачык-айкын тергөөнү талап кылып жатышкан.

Кармалгандардын көбү – Январь окуяларынан кийин ар түрдүү айып менен камакка алынгандардын ата-энелери. Активист Сания Түнгатарованын айтымында, алар Нур-Султанга Алматы, Тараз, Талдыкорган жана Кызылордодон келишкен. Камактагылардын жакындары эртең менен арыз тапшыруу үчүн Министрлер үйүнө келишкен, бирок атайын жасоолдун кызматкерлери аларды күч менен кармап, полиция бөлүмдөрүнө жеткиришкен.

Январда курман болгон Ержан Байжановдун апасы Нигора Закаряева өзүнөн тышкары дагы төрт аялды Сары арка райондук полиция бөлүмүнө алып барышканын айтты. Биринин эмчектеги баласы болгон.

"Кечээ бизге арызды ондо тапшырсак болот деп убада беришкен. Биз жаздык, бирок тапшырууга үлгүрбөй калдык. Эмне себептен кармашканын түшүндүрүшкөн жок", - деди Закаряева.

Активист Сания Тунгатарова кармалгандарга күч колдонулганын, айрымдарынын эти чоюлуп, сөөгү чыгып же сынып кеткенин маалымдады.

Кармалгандардын бир бөлүгү Алматы райондук полиция бөлүмүнө жеткирилген. Өзүн полиция кызматкери деп тааныштырган адам ушул тапта сурак жүрүп жатканын андан соң кармалгандар бошотуларын айтты.

Июлда Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугууга ниеттенген маркумдардын жакындарын полиция кармаган. Алар Январь окуясында курман болгон жакындарын актоону талап кылышкан. Өлгөндөрдүн көбү “жапырт башаламандыкка”, айрымдары “террорчулукка” айыпталган.

Токаев 1-сентябрдагы өз кайрылуусунда Январь окуясынан кийин суракка алынып жатканын кишилерге мунапыс жарыялоого убада берген.

XS
SM
MD
LG