Ссылки доступа

NYT: АКШ Крымга сокку уруу үчүн Украинага жардам берүүнү караштырууда


Крым көпүрөсү, 8-октябрь 2022-жыл
Крым көпүрөсү, 8-октябрь 2022-жыл

АКШнын президенттик администрациясы украин аскерлери Орусия аннексиялап алган Крымдын аймагына сокку уруу мүмкүндүгүнө ээ болуп, келечектеги сүйлөшүүлөр үчүн пайдалуураак позицияны камсыздоосу керек деген пикирде. Бул тууралуу The New York Times гезити өз булактарына таянып кабарлады.

Басылма Орусия Украинага каршы согуш ачкандан бери администрация жаңжалдын курчуп кетүүсүнөн кооптонуп, Киевге жарым аралга сокку уруу үчүн курал берүүдөн баш тартып келгенин белгилейт.

Басылманын булактарынын маалыматына караганда, эми Жо Байдендин администрациясы украин чиновниктери менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин "бул кадам эскалация тобокелдигин жогорулатса да, Крымга сокку уруу үчүн Киевге каражат керек" деген пикирге ыктоодо.

Макалада белгиленгендей, мурдагыдай эле Украинага узак аралыкка сокку уруучу ракеталарды берүү жөнүндө кеп жок. Бирок жарым аралды камсыздоочу негизги жолдорго, маселен, Крым көпүрөсүнө чабуул коюу үчүн HIMARS ракета орнотмолорун жана Bradley брондолгон унааларын колдонуу ыктымалдыгы талкууланууда.

The New York Times гезитинин маалыматына караганда, бул маселе жакында Ак үйдө каралган.

Былтыр октябрдын башында Крым көпүрөсү жардырылгандан кийин Москва Киевди айыптап, орус армиясы Украинанын энергетикалык инфраструктурасын бутага алып келатат.

Орусия 24-февралда Украинага кол салганга чейин Киев аннексияланган Крымды бошотуу үчүн эч кандай операция пландабай турганын билдирип келген. Кийин Украинанын позициясы өзгөрүп, азыр ал тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн шарты катары бул аймакты толугу менен кайтарып берүүнү талап кылууда.

XS
SM
MD
LG