"Бул жерде түшүнбөстүктөр болуп жатат деп ойлойм. Визалык режим боюнча чечим кабыл алуу жана ал жөнүндө Тажикстанга маалымат берүү – эки башка процесс. Тиешелүү чечимге биздин президент 5-апрелде кол коюп, эртеси 6-апрелде расмий жарыяланган. Чечим расмий басылмаларга жарыялангандан кийин күчүнө кирген. Биз бул жөнүндө мамлекет башчыбыз кол коюп, уруксат бере электе тажик тарапка маалымат бере албайт болчубуз. Бир күндөн кийин гана Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине 20-апрелден тарта визалык режим киргизиле тургандыгы жөнүндө нота жөнөткөнбүз. Мындан тышкары ЖМКларга да тиешелүү чечим жөнүндө билдирүүлөр таратылган", – деди элчи.
Үмүт Аджар белгилегендей, визалык режим мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү жана коопсуздук маселелеринен улам киргизилген.
"Түркия башка бир катар өлкөлөр үчүн да транзиттик визаларды киргизүүнү чечкен. Тажик жарандарынын Түркиядагы, Ирандагы, Европа өлкөлөрүндөгү жана Москвадагы теракттарга тиешеси бар экендиги тууралуу билдирүүлөр Түркияда да, дүйнөнүн башка мамлекеттеринде да тынчсызданууну жараткан", – деди элчи.
Анын айтымында, мындай шартта түзүлгөн кырдаалдын себептери аныкталып, чечүү жолдору табылмайынча убактылуу визалык режим киргизүү зарылдыгы жаралган.
"Мунун максаты тажик туугандарыбыз үчүн көйгөй жаратуу эмес. Максатыбыз эки өлкөнүн коопсуздук органдарынын ортосундагы кызматташтыкты жана маалымат алмашууну күчөтүү аркылуу визалык режимди мүмкүн болушунча тез арада жоюуга жетишүү", – деп кошумчалады элчи.
Быйыл 5-апрелде Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Тажикстандын жарандары үчүн визасыз режимди жойгон жарлыкка кол койгон. Буга жооп катары Тажикстан да түрк жарандары үчүн визалык режим киргизерин жарыялаган.