Ссылки доступа

Өзбекстан АЭС курулушунун баасын оптималдаштыруу боюнча "Росатом" менен сүйлөшүүдө


Өзбекстан атомдук электр станциясынын (АЭС) курулуш баасын оптималдаштыруу боюнча Орусиянын "Росатом" корпорациясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу Өзбекстандын энергетика министринин орун басары Шерзод Хожаев 13-июнда Ташкентте өткөн брифинг маалында билдирди.

"АЭС курула турган жер менен станциянын технологиясы тандалган. Курулуш жүрө турган аянтка технологияны ыңгайлаштыруу процессинен келип чыккан чыгымдар бар. Бирок азырынча долбоордун баасы боюнча макулдашуу жок. Анткени биздин көз караш боюнча ал өтө кымбат болууда. Баасын оптималдаштыруу керек. Өкмөттүн максаты азыр ал АЭСте өндүрүлө турган энергиянын өздүк наркын төмөндөтүү болууда. Анын баасы канча болот, башка булактардан алынып жаткан энергияга атаандаш боло алабы? Эгер болсо биз бул долбоорду ишке ашырышыбыз керек", – деди Хожаев.

Анын айтымында, АЭС курууну каалагандар көп, бирок өнөктөш тандоодо станциянын курулушуна гана эмес, кийин анын 50-60 жыл иштешин, ошондой эле эксплуатациядан чыгарылышын да эске алуу зарыл.
Өзбекстан менен Орусия АЭС курулушу боюнча кызматташуу тууралуу келишимге 2018-жылы сентябрда кол коюшкан. Ага ылайык, станция Өзбекстан бюджетинин жана Орусиянын мамлекеттик насыясынын эсебинен курулат. Анын биринчи блогун 2028-жылы, экинчисин 2030-жылы ишке киргизүү пландалууда.

Өзбекстандын Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, эки блоктон турган АЭС 2030-жылга карата өлкөнүн электр энергиясына болгон муктаждыгынын 15-18 пайызын жабат.

XS
SM
MD
LG