Ссылки доступа

Өзбекстан орус инвестициясын кытай инвестициясына алмаштырууга ниеттенип жатат


Ташкент Өзбекстандын ири соода өнөктөшү эсептелген Орусияга батыш санкциялары киргизилгенден кийин бир катар экономикалык маселелерин чечүү үчүн Кытай менен стратегиялык кызматташтыгын бекемдөөгө аракет кылууда.

The Diplomat басылмасынын маалыматына караганда, Өзбекстан өз алдына дүйнөлүк транспорт жана соода жолдоруна кошулуу максатын койду. Жакында Бээжин шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) жыйынында "Өзбекстандын 2022-2026-жылдарга карата өнүгүүсүнүн жаңы стратегиясы" тааныштырылган. Анда Өзбекстандын Кытай менен экономикалык байланыштарын тереңдетүү каралган. Мындан тышкары анда Кытай сыяктуу стратегиялык өнөктөштөр менен кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу айтылып, бирок Орусия жөнүндө сөз болгон эмес.

Өзбекстан менен Кытайдын экономикалык байланышы негизинен инфраструктуралык долбоорлорго байланыштуу. Бул эки өлкө үчүн тең Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоору маанилүү болуп эсептелет.

Кытайдын Ланьчжоу шаарын Ташкент менен бириктире турган темир жолдун узундугу 4 380 чакырымды түзөт. Долбоор 1990-жылдарда эле түзүлгөнү менен бүгүнкү күнгө чейин Кытай менен Өзбекстандын ортосунда Кыргызстан аркылуу темир жол байланышы жок.

Жакынкы убактарга чейин долбоор олуттуу каржылык жана административдик тоскоолдуктарга туш болуп келген. Апрелде Кыргызстандын экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев менен Өзбекстандын инвестициялар жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоору боюнча макулдашууга жетишкенин билдиришкен. Мындан тышкары Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Владимир Норов Кыргызстандын Ташкенттеги элчиси менен жолугуп, аталган долбоорду тездетүү каалоосун айткан.

Темир жол курулуп бүтсө Өзбекстан үчүн Түштүк Азияга жол ачылат. Буга чейин Ооганстандагы туруксуздук көптөгөн жылдардан бери Борбор Азия менен Түштүк Азияны байланыштыруу аракеттерине тоскоолдук кылып келген.

Кытайдын лидери Си Цзиньпиндин "Бир алкак, бир жол" демилгеси Өзбекстандын сооданы кеңейтүү аракетине дал келет. 2013-жылы бул долбоор башталгандан бери Өзбекстан Кытайдын стратегиялык геосаясий өнөктөшү болуп калды. Эки өлкөнүн жалпы чек арасы жок болгону менен Өзбекстан "Бир алкак, бир жол" долбоорунда маанилүү ролду ойнойт. "Бир алкак, бир жолдун" эки каттамы Өзбекстандан өтүп, батышында Казакстан жана түштүгүндө Кыргызстан аркылуу Кытайга барат. Бул эки каттам Ташкентте биригип, Түркмөнстан аркылуу Иранга, Батыш Азияга жана Индияга кетет. Мындан тышкары Өзбекстандын жүк ташуучулары Казакстан аркылуу берки эки каттамдагы темир жол кызматтарын пайдаланып, Европа, Кавказ жана Түркияга жете алышат.

Кытай капиталы кымбатка турары жашыруун эмес. Кытай инвестициясына ашыкча көз карандуулук олуттуу тобокелдиктерди жаратат. Инфраструктуралык долбоорлор менен техникалык жардамдар үчүн берилип жаткан жеңилдетилген насыяларда сатылып алына турган товарлардын, жабдуулардын, технологиялардын жана кызматтардын жарымынан кем эмеси Кытайдан болушу керек деген шарттар бар. Өзбекстан бүгүнкү күндө экономикалык кыйынчылыктарга жана географиялык абалына байланыштуу кытай насыяларына муктаж. Кытай насыясы Өзбекстанда экономикалык активдүүлүк менен сооданы жогорулатууга жардам бергени менен өлкө "Бир алкак, бир жолдун" инфраструктурасын өнүктүрүүдө кытай инвестицияларына көз каранды болуп калышы мүмкүн деген тобокелдиктер бар. Дагы бир көйгөй преференциалдык соода шарттарында кытай компанияларынын салыштырмалуу көп болушунан улам жергиликтүү компаниялар атаандаштыкка туруштук бере албай, Өзбекстан менен жалпы Борбор Азияда кытай товарларына суроо-талапты жогорулатышы ыктымал.

Өзбек өкмөтүнүн Кытай менен экономикалык байланыштарды чыңдоо аракетинин жаңы толкуну Ташкентке негизги географиялык абалы сыяктуу табигый артыкчылыктарын жакшыраак пайдаланууга мүмкүнчүлүктөрдү берет. Өзбекстан Борбор Азиянын бардык башка өлкөлөрү жана Ооганстан менен чектешкен өлкө катары бардык багыттар боюнча транзиттик каттамдарга ээ. Деңизге чыга албаган өлкө катары Өзбекстан бул транспорттук байланыштарга өзгөчө көз каранды экенин жана алар кантип иштээрин жакшы билет.

Мындан тышкары Өзбекстандын бул аракети Орусия өзүнүн ички маселелерине басым жасап, Борбор Азиядан чегинүүсүнөн улам пайда болгон боштукка да дал келет. Украинага кол салган Орусия учурда аймактагы кытай инвестициясынын ордун толтуруу үчүн мындан ары экономикалык колдоо көрсөтө албайт. Ошондой эле келечекте Кремль бул аймак менен стратегиялык кызматташтыкта болууга канчалык деңгээлде кызыкдар болору да азырынча так белгисиз.

XS
SM
MD
LG