Медиктердин айтымында, акыркы кездери кан тапшырган донорлордун дээрлик бардыгын киреше булагы жок жумушсуз жарандар түзүүдө.
"Түркмөнабад шаарында кан тапшырууга келген аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн мүчөлөрү көбөйдү. Тапшырган кан үчүн алар накталай акча алып, азык-түлүк сатып алышат. Акыркы айларда мындай жарандардын саны кескин көбөйүп кетти", – деди Түркмөнабаддагы абал менен жакындан тааныш дарыгер.
Анын айтымында, көпчүлүк учурларда кан тапшырууга бир үй-бүлөдөн 2-3төн киши келет.
"Албетте, алар алган акча үй-бүлөнү бир ай багууга жетпейт. Бирок бир нече күнгө азык-түлүк сатып алууга жетиштүү болот", – деп кошумчалады ал.
Жапырт жумушсуздук, баалардын өсүүсү жана калктын жашоо деңгээлинин төмөндөөсү менен коштолуп жаткан экономикалык каатчылык Түркмөнстанда жети жылдан бери уланууда.
Экономикалык кыйынчылыктардан улам көп сандаган түркмөнстандыктар иш издеп чет мамлекеттерге кетүүгө аргасыз болушту. Өлкөнүн ичинде калгандары аз акы төлөнгөн жана оор жумуштарда иштөөгө аргасыз.