"Эзгулик" укук коргоо уюмунун башчысы Абдурахман Ташановдун айтымында, 4-мартта өткөн алгачкы сот отурумунда адвокаттардын өтүнүчү канааттандырылды.
"Адвокаттардын пикиринде, Олимжан Хайдаровду кармоо учурунда бир катар процессуалдык каталар болгон. Алар аны кармоого катышкан криминалисттер менен тергөөчүлөрдү кайрадан суракка алууну өтүнүшкөн. Сот адвокаттардын өтүнүчүн канааттандырып, отурумдарды кийинки дүйшөмбү күнгө чейин токтотту", – деди Ташанов.
Өткөн жылы 1-декабрда кылмыш иштери боюнча Фергана райондук соту Олимжан Хайдаровду сегиз жылга эркинен ажыраткан. Мындан тышкары сот тиешелүү мекемелерди социалдык түйүндөрдөгү блогерге тиешеси бар бардык каналдарды, баракчаларды жана тайпаларды өчүрүүгө же бөгөттөөгө милдеттендирген. 28-декабрда Фергана облустук сотунун апелляциялык калыстары бул өкүмдү өзгөртүүсүз калтырган.
Белгилүү блогер Олимжон Хайдаровго "Ири өлчөмдө акча опузалоо", "Кайталап акча опузалоо", "Оор кылмыш кылуу боюнча жалаа жабуу" жана "Кемсинтүү" беренелери боюнча айыптар тагылган. Ал социалдык түйүндөргө жарыяланган кайрылуусунда бул айыптоолорду четке кагып, өзүн "саясий туткун" деп атаган. Блогер камакка алынышы профессионалдык ишмердүүлүгүнө байланыштуу экенин айтып, буга чейин ири коррупциялык схемалардын бетин ачканын билдирген.
Олимжон Хайдаров 2023-жылы 29-июлда кармалган. Фергана облустук ички иштер башкармалыгы ал "Коканд Истиклол" соода комплекси тууралуу даярдаган сын макаласын жарыялабоо үчүн анын жетекчилигинен 10 миң доллар талап кылууга шектелип жатканын маалымдаган.
"Хьюман Райтс Вотч" (HRW) эл аралык укук коргоо уюму блогерге карата чыккан сот өкүмүн айыптаган.
Олимжон Хайдаров – Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден бери эң узак мөөнөткө соттолгон блогер.