Ссылки доступа

БУУ: украиналык 3,2 миллион качкын Евробиримдиктен убактылуу башпаанек алды


Украиналык качкындар Латвиядагы бозгундарды кабыл алуу борборунда. Рига шаары, март 2022-жыл.
Украиналык качкындар Латвиядагы бозгундарды кабыл алуу борборунда. Рига шаары, март 2022-жыл.

Үч миллиондон ашуун украиналык жаранга Европа биримдигинин (ЕБ) аймагында убактылуу коргоого алынганын тастыктаган макам берилди. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) билдирди.

Маалыматка караганда, украин жарандары бул макам менен бирге ЕБ аймагында жашоого жана иштөөгө мүмкүнчүлүк алышты. Согуш башталгандан бери Евробиримдикке дээрлик беш миллион украиналык качкын келгени расмий катталган. Алардын көбүн Польша, Чехия жана Германия кабыл алган.

Качкындардын саны мындан көп экени айтылууда. Анткени, бозгундардын айрымдары Евробиримдиктен нары башка өлкөлөргө да кетет. Согуш башталгандан кийин Украинадан ЕБ өлкөлөрүнө келгендердин бир бөлүгү мекенине кайткан.

9-июнга карата Польша миллиондон ашуун, Германия 780 миң, Чехия 366 миң качкынды кабыл алган. Орусия БУУга Украинадан бир миллиондон ашык качкын кабыл алынганын билдирген, бирок алардын канчасы Орусияда кандайдыр бир расмий макамга ээ болгону жана канчасы мекенине кайтып келиши мүмкүн экендиги тууралуу маалымат берген эмес. Украинанын бийлиги бул окуяда кеп качкындар жөнүндө эмес, депортацияланган адамдар жөнүндө болуп жатканын айтып, Орусияны алардын укуктарын бузду деп айыптоодо.

Орусия Украинанын аймагына 24-февралда бастырып киргенден бери миңдеген адам өлүп, салгылашуу уланууда. Москва "атайын операция" деп атаган согушту эл аралык коомчулук сындап келатат.

XS
SM
MD
LG