Ссылки доступа

БУУ Украинадагы согушта 17 журналист каза болгонун ырастады


Ирпен шаары. 6-март 2022-жыл
Ирпен шаары. 6-март 2022-жыл

Орусия Украинага кол салгандан берки согуштук аракеттердин жүрүшүндө 17 журналист өлүп, дагы 14ү жарадар болду. Бул тууралуу БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелет билдирди.

Улуттар уюмунун маалыматына ылайык, журналисттердин бери дегенде жетөө аткылоолор маалында окко учса, алардын бешөө болжол менен орусиялыктардын огунан каза тапкан. Дагы беш журналист кармаштар жүрүп жаткан аймактарда набыт болгон. Аларга ким кол салганы аныкталган эмес. Дагы бир кабарчыны орусиялык аскерлер уурдап кетип, кыйнашкан. Бошотулгандан көп өтпөй ал көз жумган. Жапа чеккен төрт журналист кесибине байланыштуу куугунтукталганын айтып берген.

БУУ курман болгон же жараат алгандардын бери дегенде бешөө аял экенин белгилейт. Арасында "Азаттыктын" украин редакциясынын кызматкери Вера Гирич жана орусиялык журналист Оксана Баулина бар.

Мындан тышкары БУУнун мониторинг миссиясы орусиялыктар оккупациялаган аймактарда маалымат каражаттарынын жети кызматкери уурдалып кеткен учурларды каттаган.

Орус аскерлери кеминде эки жолу журналисттер бараткан машинелерди атайылап аткылаганы такталды. Ал унааларда ак желек байланып, PRESS деген жазуу бар болчу.

XS
SM
MD
LG