Ссылки доступа

"Оскар" сыйлыгынын жеңүүчүлөрү аныкталды


Лос-Анжелес шаарында Америка киноакадемиясынын "Оскар" сыйлыгын тапшыруу салтанаты өттү. Бул – 95-ирет өтүп жаткан азем. Режиссерлор Дэн Кван менен Дэниэл Шайнерттин "Баары бүт жерде жана бир убакта" чыгармасы эң мыкты көркөм фильм сыйлыгына ээ болду. Тасма жети "Оскар" алды.

Дэн Кван менен Дэниэл Шайнерт эң мыкты режиссура жана эң мыкты оргиналдуу сценарий үчүн сыйлык алышты. Пол Рожерс эң мыкты мантаж үчүн байгеге ээ болду.

Эң мыкты актирса наамы Мишель Йеого берилди. Экинчи пландагы мыкты аялдын ролу үчүн байгеге Жейми Ли Кертис татыды. Ке Хюи Куан экинчи пландагы мыкты актер аталды.

Режиссер Даррен Аронофскинин "Кит" фильминде ойногон 54 жаштагы Брендан Фрейзер эң мыкты актер сыйлыгын алды. Бул тасма эң мыкты грим жана чач жасалгасы үчүн да "Оскарды" жеңип алды.

Режиссер Эдвард Бергердин "Батыш фронтто өзгөрүү жок" эмгеги бул аземдин эң мыкты чет өлкөлүк тасмасы болуп калды. Картина эң мыкты оператордук иш жана оргиналдуу саундтрек үчүн да сыйлык алды.

"Аватар. Суу жолу" тасмасы эң мыкты визуалдык эффект үчүн "Оскарга" ээ болду.

Гильермо дель Торонун "Пиноккио" чыгармасы эң мыкты толук метраждуу анимациялык фильм аталды.

Канадалык режиссёр Дэниел Роер тарткан "Навальный" аттуу даректүү тасма "Эң мыкты даректүү тасма" категориясында "Оскар" сыйлыгын алды. Салтанатка режиссер менен бирге Алексей Навальныйдын жубайы, кызы жана уулу – Юлия, Дарья жана Захар да катышты.

Индиялык Гонсалвес менен Гутит Монгинин "Пил сүйүүчүлөр" картинасы эң мыкты кыска метраждуу фильм аталса, "Бала, Момолой чычкан, Түлкү жана Ат" мыкты кыска метраждуу анимациялык фильм катары "Оскарга" татыды.

XS
SM
MD
LG