Ссылки доступа

Орусияда велосипедчендерди мыскылдады делген тажикстандык өлкөдөн чыгарылат


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Челябинск шаарында велосипедчен аялдардын жолун тороп, кемсинткен тажикстандык айдоочу Орусиядан чыгарылат. Бул тууралуу аймактык полиция билдирди.

22-апрелде Readovka Телеграм-каналы окуя болгон жерден тартылган үч видеону чыгарды. Мигрант велосипед минип бараткан аялдардын сырткы келбетин сындап жаман сөз айткан.

Кыздардын бири самбо жана дзюдо менен машыккан Ирина Алексеева Meta Fight ютуб каналына айтып бергендей, тажикстандык айдоочу алардын чолок шым жана майке кийип жүргөнүнө нааразы болуп, "бизде кыздар минтип жүрбөйт" деген.

"Кайсы жерде?" деген суроого ал "Душанбеде" деп жооп берген.

Алексееванын айтымында, ал андан ары “бардыгыңар чочкосуңар” деп акаарат келтирген.

23-апрелде айдоочу кармалган. Полициянын маалыматына караганда, ал Орусияга иштөө үчүн барган жана ал жакта мыйзамдуу түрдө жүргөн.

Кийинчерээк ал миграциялык каттоого жасалма түрдө алынганы белгилүү болгон. Кол салган адамга Орусиядан чыгаруудан тышкары айып пул салынды.

XS
SM
MD
LG