Ссылки доступа

Alibaba: Жек Ма Кытайдан чыгып кетти


Жек Ма
Жек Ма

Alibaba компаниясынын негиздөөчүсү Жек Ма Кытайдан кетип, акыркы жарым жылдан бери Токиодо жашап жатат. Бул тууралуу Financial Times басылмасы өз булактарына таянуу менен билдирди.

Гезиттин булактары Жек Ма үй-бүлөсү менен Токионун борборунда жашап жатканын жана өзүнүн коомдук ишмердүүлүгүн болушунча азайтканын билдиришкен. Гезиттин маектештери миллиардер азыр эмне менен алектенип жатканы тууралуу ар түрдүү маалыматтарды айтышкан. Айрымдары ал электрондук коммерцияны өлкөнүн сыртында кеңейтүү аракетин көрүп жатканын билдирсе, башкалары Ма коллекция менен алектенип, акварель менен сүрөт тартып жатканын белгилешкен.

Ма кытай бийлиги технологиялык компанияларга кысым көрсөтүп жаткан маалда өлкөдөн чыгып кеткен. Ал 2020-жылы Шанхайдагы ири экономикалык жыйында кытай чиновниктерин сынга алып сөз сүйлөгөндөн кийин эл алдына көп чыкпай калган.

2021-жылы апрелде Кытайдын бийлиги антимонополиялык иликтөөнүн алкагында миллиардер Жек Ма түптөгөн Alibaba корпорациясына 2,8 миллиард доллар айып салган. Бул Кытайдагы рекорддук көрсөткүчтөгү эң чоң айып.

XS
SM
MD
LG