Ссылки доступа

Алмашуу жараянынын алкагында бошотулган америкалыктар АКШга барышты


АКШнын президенти Жо Байден, вице-президент Камала Харрис, Алсу Курмашева жана анын үй-бүлөсү
АКШнын президенти Жо Байден, вице-президент Камала Харрис, Алсу Курмашева жана анын үй-бүлөсү

Батыш өлкөлөрү менен Орусиянын ортосундагы камакта адамдарды алмашуунун жыйынтыгында эркиндикке чыккан "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун журналисти Алсу Курмашева, The Wall Street Journal басылмасынын кабарчысы Эван Гершкович жана мурдагы деңиз аскери Пол Уилан АКШга барышты.

Алар отурган учак Вашингтондун четиндеги Эндрюс авиабазасына конуп, аларды АКШнын президенти Жо Байден, вице-президент Камала Харрис, жакындары жана кесиптештери тосуп алышты.

"Мен муну ишке ашыра аларыбызга толук ишенгем", – деди Байден журналисттерге.

Эван Гершкович Орусиянын түрмөлөрүндө саясий иштер менен отурган башка адамдарды да унутпоого чакырды.

1-августта Батыш өлкөлөрү менен Орусиянын ортосундагы камактагы жарандарын алмаш жараяны аяктады. Анын жыйынтыгында Орусия менен Беларустун абактарында отурган 16 киши жана батыш түрмөлөрүндөгү сегиз орусиялык бошотулду.

Кечээ кечинде 13 киши, анын ичинде саясатчылар кенже Владимир Кара-Мурза менен Илья Яшин, "Ачык Орусия" кыймылынын мурдагы аткаруу директору Андрей Пивоваров, укук коргоочу жана "Мемориалдын" теңтөрагасы Олег Орлов, сүрөтчү Александра Скочиленко, Навальныйдын Уфадагы штабынын мурдагы башчылары жана башка адамдар отурган учак Германиянын Көлн шаарына конду.

Бул ири алмашуунун алкагында Европа мамлекеттери жана АКШ Орусияга сегиз адамды өткөрүп берүүгө макул болгон. Алар: Германиядан Вадим Красиков, Словениядан жубайлар Артем жана Анна Дульцевдер, АКШдан Роман Селезнев, Владислав Клюшин жана Вадим Конощенко, Польшадан Павел Рубцов, ошондой эле Норвегиядан Михаил Микушин. Булардын баары Батыш өлкөлөрүндө түрдүү айыптар менен соттолушкан. Алардын ичинен Берлинде мурдагы чечен талаа командирин өлтүргөн Вадим Красиков Германияда өмүр бою эркинен ажыратылган.

Бошотулган орусиялыктарды өкмөттүк "Внуково-2" аэропортунан президент Владимир Путин, ФСБнын, Тышкы чалгын кызматынын жана Коргоо министрлигинин башчылары тосуп алышты. Путин аларга ыраазычылык билдирип, алар жаңы кызматтарга дайындалып, өкмөттүк сыйлыктарга көрсөтүлөрүн билдирди.

XS
SM
MD
LG