Кырдаалдан кабардар түркмөн активисти жана үй-бүлөнүн жакын тууганы Талып Аббасов виза берүүдөн баш тартууга түркмөн бийлиги таасир эткен болушу мүмкүн экенин, үй-бүлөнүн өзүнө кысым көрсөтүлүп жатканын билдирди.
"Ал эч качан Түркияда болгон эмес. Ага виза берүүдөн баш тартуунун себептери түшүндүрүлгөн жок. Виза берилбей калганын да билдиришкен эмес. Бул тууралуу ал кайрадан элчиликке барганда гана билген", - деди Аббасов.
Быйыл 20-апрелде өзүн Чарыгелди Бабаев деп тааныштырган жаран Түркияда жоголуп кеткен 1989-жылы туулган уулу Дидар Бабаевди табууга жардам сурап, мекендештерине видеокайрылуу жасаган.
Видео жарыялангандан эки күндөн кийин полиция кызматкерлери Бабаевдердин үйүнө барып, андан TikTok социалдык тармагына жайгаштырган видеосун алып салууну талап кылышкан.
Дүйнөдөгү эң жабык жана репрессивдүү өлкөлөрдүн бири эсептелген Түркмөнстандын бийлиги өз жарандарына турмуштук көйгөйлөрүн ачык айтууга мүмкүнчүлүк бербейт. Жарандар жардам сураганда, анын ичинде социалдык тармактар аркылуу көмөк издегенде куугунтукка кабылышат.
Активист Аббасовдун айтымында, Дидар Түркияга 2019-жылы кеткен жана 2021-жылдан бери дайынсыз болууда.
Түркмөнстанда экономикалык көйгөйлөрдүн курчушу жана жапырт жумушсуздуктун кесепетинен көптөгөн жарандар чет өлкөлөргө, анын ичинде Түркияга иштөө үчүн кетип жатышат.