Ссылки доступа

Түркияда рейд учурунда ондогон өзбекстандык мигранттар кармалды


Стамбул полициясы өткөн аптадагы рейд учурунда Түркияда мыйзамсыз жашаган ондогон өзбекстандыктарды кармаганы белгилүү болду.

Дильшод Ахмедов - кармалган жана мекенине депортациялангандардын бири.

Өткөн апта ал документтери толук болбогонуна байланыштуу Стамбулдагы базарлардын биринде кармалган. Ал Тузла районундагы мигранттарды убактылуу кармоочу жайга жеткирилген. Дильшоддун айтымында, борбордо 50дөн ашуун өзбекстандык менен бирге көптөгөн оогандыктар, сириялыктар бар. Ал жерде аны эки күн кармашып, андан соң өлкөнүн чыгышындагы Малатия шаарына жеткиришкен.

"Алар бизди автобус менен алып барышты. 18 саат кишенчен жол жүрдүк. Арабызда 60 жаштагылар да болгон. Убактылуу борбордо эки айдай кармалган өзбекстандыктар да бар эле. Баарыбызды бир жерге камап коюшту. Шарт өтө оор, чыдагыс. Биз 24 саат ачка болдук. Өзбекстан жарандарына кысым күчөп жатат. Алар бизге кылмышкерлерден да жаман мамиле жасашууда. Өзбекстан элчилигинен ал жерде калган өзбекстандыктарга көңүл бурууну сурайм”, — деди Дильшод Ахмедов.

Атын атагысы келбеген Стамбулда жашаган өзбек журналисти Өзбекстандын Анкарадагы элчилиги Малатиядагы мигранттардын убактылуу борборунда кармалып турган өзбекстандыктар тууралуу кабардар экенин айтты.

“Мен бул тууралуу Өзбекстандын Стамбулдагы консулдугунан сураганымда, Анкарадагы элчилик бул маселенин үстүнөн иштеп жатканын, алар Түркиянын Миграция кызматына кат жазышканын айтышты. Консулдуктун кызматкерлери да эгер Өзбекстан жараны кармалса, алар консулдукка чала алышарын, себеби Түркия түрмөлөрүндө телефон чалууга боло турганын билдирди”, - деди журналист.

Өзбекстан жарандары Түркияда үч ай визасыз жүрө алышат. Түркия өзбек мигранттары көп төрт мамлекеттин арасына кирет. Бул өлкөдө 50 минден ашуун өзбекстандыктын расмий макамы бар. Бирок бейформал мигранттардын жана каттоодон өтпөй иштеп жүргөндөрдүн саны алда канча көп.

XS
SM
MD
LG