Ссылки доступа

Орусия согушка байланыштуу Байкоңурдан кетиши мүмкүн


 Байкоңурдагы төөлөр
Байкоңурдагы төөлөр

Казакстандагы Байкоңур космодрому советтик жана орусиялык космонавтиканын тарыхы менен тыгыз байланышта жана анын ажырагыс бир бөлүгү сыяктуу. Бирок 90-жылдардан бери ал Орусиядан алыстай баштагандай.

Орусия Байкоңурду 2050-жылга чейин ижарага алганы менен ал жакта ракеталарды учуруу комплекстери улам азайып, мындан ары эмне болот деген суроо жаралууда. 2023-жылы космодромду бирге колдонуу маселеси кайрадан курчуду: Казакстан орус мүлктөрүн камакка алып, 2 млрд рубль талап кылса, Орусия жооп иретинде Казакстандан 220 млн доллар сурап жатат.

1994-жылы түзүлгөн келишимге ылайык, Байкоңур космодрому учуруу жабдуулары менен бирге Казакстандын менчигине өткөн, бирок Орусия космостук ишмердүүлүк үчүн зарыл болгон бардык аймакты жана инфратүзүмдү жылына 115 млн долларга ижарага пайдаланат.

Орусия Байкоңурду өзүнүн улуттук программаларында колдонгон жана колдонуп келет. Ал "Роскосмостун" коммерциялык ишмердүүлүгүндө да маанилүү ролго ээ. Чет өлкөлүк спутниктер менен "Протон" ракеталарын учуруу аркылуу эле Орусия соңку 25 жылда 10 млрд доллар киреше тапкан.

Орусия космодромду киреше табуу үчүн активдүү пайдаланып, бирок Казакстанга белгилүү бир сумма гана төлөп жатканы Астананы нааразы кылып жаткандай. Анын үстүнө "Роскосмостун" негизги киреше булагы – "Протон". Ага өтө уулуу күйүүчү май колдонулат жана ал Казакстандын айлана-чөйрөсүнө терс таасирин тийгизүүдө.

Байкоңурду пайдалануу мүмкүндүгүн сактап калуу жана мамлекеттер аралык чыңалууну жумшартуу үчүн эки өлкөнүн космостук мекемелери биргелешкен долбоор иштеп чыгышкан.

Бирок Казакстан учуруу комплексин жаңылоо үчүн келишимде каралган 220 млн долларды бөлүүгө ашыккан жок. Мындай жайбаракатттыктын эки себеби бар: "Союз-5" кемесин иштеп чыгуунун кечеңдеши жана орус ракеталарына салынган санкциялар. Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин АКШ 2015-жылы Орусиянын ракеталык-космостук компанияларына санкция салып, бирок ал 2023-жылы гана күчүнө кирди.

Орусия 2028-жылдан кийин өзүнүн Орус орбиталык станциясын курууну пландап жатат, бирок ал азыр даяр эмес. Анын келечеги орус экономикасына жана мамлекеттин кызыкчылыгына көз каранды.

Орусия 2028-жылы Байкоңурдан толугу менен чыгып кетсе, ааламга жол ачкан "Космостун дарбазасы" үйүлгөн металлолом жана өткөн доордун жана ири державанын эстелиги болуп калат.

Ошол эле маалда бир катар факторлор Казакстандагы космодромдун сакталып калышына да мүмкүндүк берет. Эгер Орусия менен АКШнын Эл аралык космостук станция боюнча кызматташтыгы уланып, Украинада тынчтык орноп, Батыштын санкциялары алынса, "Байкоңур" иштей бериши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG