Ссылки доступа

Рим папасы Франциск Казакстанга барат


Рим папасы Франциск 13-сентябрда Дүйнөлүк жана салттуу диндердин VII конгрессине катышуу үчүн Казакстанга үч күндүк сапары башталарын билдирди.

Ыйык Петр аянтына чогулгандарга кайрылган понтифик аларды "бул тынчтык зыяратын" колдоп дуба кылууга чакырды.

"Бул сапар дүйнөбүз самап жаткан тынчтыкка умтулуп жаткан көптөгөн дин өкүлдөрү менен жолугуп, бир тууган катары сүйлөшүүгө мүмкүндүк түзөт", – деди Франциск.

Андан соң ал чогулгандарды "анын бул тынчтык зыяратын дуба менен коштоого" үндөп, украин эли үчүн сыйынууну улантууга чакырды.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин Көп тараптуу кызматташтык департаментинин директору Дидар Теменовдун айтымында, быйыл конгресске 50 өлкөдөн 100гө жакын катышуучу келет деп күтүлүүдө. Алардын арасында улуу имам Аль-Азхара Ахмед Аль-Тайеб, Волоколамск митрополити Антоний, Орус православ чиркөөсүнүн Москвадагы патриархынын Тышкы байланыш бөлүмүнүн башчысы, Израиль динаятчылары жана Иерусалим патриархы бар.

Рим папасы Франциск бул сапарынын алкагында Орусиянын Украинага каршы согушун актоого аракет кылган Москва жана бүткүл орус патриархы Кирилл менен жолугууга үмүттөнүп жаткан. Бирок Орус православ чиркөөсүнүн башчысы салттуу диндердин конгрессине катышуудан баш тарткан.

XS
SM
MD
LG