Ссылки доступа

Грузия парламенти "чет элдик агенттер" жөнүндө мыйзам долбоорун четке какты


Парламент имаратынын алдындагы нааразылык акция
Парламент имаратынын алдындагы нааразылык акция

Грузия парламенти "чет элдик агенттер" жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда четке какты.

Башкаруучу "Грузин кыялы" партиясы 9-март күнү эртең менен мыйзам долбоорун парламенттин кароосунан алып саларын билдирген. Бирок бул кандайча ишке ашары белгисиз болгон.

"Азаттык" радиосунун грузин кызматы кабарлагандай, 10-март күнү мыйзам долбоору экинчи окууга чыгарылып, бир гана депутат "макул" деген добуш берди. Натыйжада мыйзам долбоору четке кагылды.

Мыйзам долбоорунда сырттан 20% ашуун каржылоо алган кандай гана уюм болбосун "чет элдик агент" деп каттоодон өтүүгө милдеттендирген жобо жазылган. Ал шартты аткарбагандарга чоң айып пул каралган. Өлкө президенти Саломе Зурабишвили жана оппозиция мыйзам долбоору Кремлдин ишараты менен жазылганын, сөз эркиндигин жана жарандык активдүүлүктү чектей турганын билдиришкен. Аны АКШ менен Европа Биримдиги да сынга алган.

Документ биринчи окууда кабыл алынгандан кийин Тблисидеги парламент имаратынын алдында жапырт митинг өтүп, демонстранттар менен полиция кагылышкан. Полиция аларга каршы жаш агызган газ колдонуп, суу бүркүп тараткан.

9-март күнү кечинде Грузиянын Тбилиси, Батуми жана Кутаиси шаарларында каршылык акциялары кайра жанданган. Катышуучулар өкмөттүн отставкасын жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону талап кылышкан.

Грузиянын Ички иштер министрлиги 9-мартта эки күндүк каршылык акцияларында кармалган 134 адам бошотулганын кабарлаган. Алардын айрымдарынын кармоо мөөнөтү аяктап, кээ бирлерине айып пул чегерилген. Учурда полиция кызматкерине кол салууга шектелген бир жаран гана камакта калууда.

XS
SM
MD
LG