Ссылки доступа

Перу парламенти президентке импичмент жарыялап, ал камакка алынды


Кастильонун импичментин колдогон акция. Перу
Кастильонун импичментин колдогон акция. Перу

7-декабрда Перунун парламенти өлкө президенти Педро Кастилього импичмент жарыялады. Жергиликтүү полиция Кастильо кармалганын, ага каршы "Кызмат абалын кыянат пайдалануу" жана "Мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети" беренелери боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

6-декабрда Кастильо Конгрессти (Перунун бир палаталуу парламенти) таркатып, өлкөдө өзгөчө абал, коментанттык саат киргизгенин жарыялаган. Бирок Конгресс таркоодон баш тартып, Кастильону кызматтан кетирүү маселесин добушка койгон. Жыйынтыгында президентке импичмент жарыялоону 101 депутат колдоп, алтоо каршы болду.

Конгресс мамлекеттик бийликтин жогорку органын таркатуу тууралуу Кастильонун буйругу Конституцияга каршы келерин билдирип, аны төңкөрүш жасоо аракети катары баалады.

Перу мыйзамдарына ылайык, президент парламентти эгер ал Министрлер кабинетине эки жолу ишенбестик көрсөтсө гана тарката алат.

Кастильо Конгрессти таркатып, убактылуу өкмөт түзүп, кезексиз парламенттик шайлоо жарыялап, өлкө Конституциясын өзгөртүүнү пландап жаткан.

Министрлер кабинетинин бир бөлүгү – тышкы иштер, юстиция, экономика, билим берүү жана маданият министрлери өз каалоолору менен кызматтарынан кетишти. Полиция менен армия парламентти колдоп, 8-декабрда президенттин мыйзам бузуу аракеттеринин баарына бөгөт коюларын эскертишкен. Ошол эле күнү Кастильонун камакка алынганы белгилүү болду.

Перунун башкы прокурору Даниэль Сориа Кастилього каршы кылмыш ишин козгоо тууралуу Улуттук прокуратурага арыз берди. Кастильонун ордун вице-президент Дина Болуарте ээлеп, парламентте ант берди.

60 жаштагы Болуарте Перунун президенти кызматындагы алгачкы аял болуп калды. Ал Кастильонун президенттик ыйгарым укуктары аякташы керек болгон 2026-жылдын июль айына чейин кызматта болорун билдирди.

"Новая газета – Европа" басылмасы белгилегендей, Перунун Конгресси акыркы алтын жылдын ичинде бешинчи президентти отставкага кетирүүдө. 2018-жылы Педро Пабло Кучински импичмент боюнча парламенттеги добуш берүүнүн алдында кызматтан өзү кетип, көп өтпөй соттолгон. Анын ордуна келген президент Мартин Вискарра 2010-жылдардагы жемкорлук айыбы менен 2020-отставкага кеткен.

Педро Кастильо өлкөнү 2021-жылдын июнь айынан бери башкарып келген.

XS
SM
MD
LG