Ссылки доступа

Уганда парламенти бир жыныстуу мамиле үчүн өлүм жазасын киргизген мыйзамды колдоду


Уганда парламенти бир жыныстуу катнаш үчүн өлүм жазасын киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун кабыл алды. Эми ага өлкө президенти кол коюшу керек. Мурдараак ал кумсалыкты айыптаган билдирүү жасаган.

Бул мыйзам менен "гомосексуалдык ишмердүүлүктү каржылоо, ага үгүттөө" үчүн да өлүм жазасы киргизилет. Азыр Угандада бир жыныстуу мамиле үчүн өмүр бою эркинен ажыратуу каралган.

Мыйзам долбооруна 389 депутаттын ичинен болгону экөө гана каршы добуш берди. Алардын бири мыйзам долбоору Конституцияга каршы келерин, гендердик зомбулукка каршы күрөштөгү ийгиликтерди жокко чыгарарын билдирди.

Укук коргоочулар мыйзам долбоорун айыптап, аны "жек көрүүчүлүк мыйзамы" жана "адамзатка толук кол салуу" деп аташты. Угандалык укук коргоочулар жана ЛГБТ-активисттер дискриминацияга каршы күрөштү улантууга убада беришти.

Африкадагы көптөгөн өлкөлөрдүн мыйзамдарында кумсалыкка тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG