Ссылки доступа

Пашинян: ЖККУ – үмүт арта турган механизм эмес


Армениянын премьер-министри Никол Пашинян эмне үчүн республика Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө бойдон калууда деген суроого жооп бере албастыгын билдирди.

Пашинян британ маалымат каражаттарына берген маегинде 2021 жана 2022-жылдары Азербайжандын куралдуу күчтөрү Армениянын чек арасын бузганда ЖККУ жардам көрсөтпөгөнүн айтты.

Ал ЖККУ уюмга мүчө өлкөлөр үмүт кыла турган механизм катары иштен чыкканын билдирди.

"Коомчулукта эмнеге ЖККУга мүчө бойдон калууну улантуудабыз деген кептер айтылып жатат. Ачыгын айтсам бул суроого менде жооп жок", - деди Пашинян.

12-мартта ал Орусия башында турган альянс учурдагы коопсуздук көйгөйлөрүн чечпесе, Армения Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан чыгарын дагы бир ирет эскерткен.

Өткөн жылы Ереван ЖККУнун бардык жогорку деңгээлдеги иш-чараларына, аскердик машыгууларына катышкан эмес. Пашинян 23-февралда France 24 телеканалына курган маегинде ЖККУдагы мүчөлүк убактылуу токтогонун, орус базасын Арменияда кармап туруу маселеси күн тартибинде жок экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG