Ссылки доступа

Пашинян: Орусия Тоолуу Карабак боюнча алган милдеттенмелерин аткарбай жатат


Лачин коридорундагы орусиялык аскерлер менен азери активисттери
Лачин коридорундагы орусиялык аскерлер менен азери активисттери

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Тоолуу Карабакта жайгашкан орус аскерлерин сындады. Анын айтымында, Азербайжан активисттери Арменияны аймак менен байланыштырган жападан жалгыз жолду тороп салгандан кийин алар эч кандай аракет көргөн эмес.

Лачин коридору өткөн жумадан бери буулуп турат. Активисттердин тобу армян бийлиги Тоолуу Карабакта табигый ресурстарды мыйзамсыз өндүрүп жатат жеп эсептейт. Орус аскерлери абалга көз салып, бирок аракет көргөн жок.

Пашинян өкмөттүн бейшемби күнкү жыйынында аймак гуманитардык кризиске кабылганын белгиледи. Анын айтымында, орусиялык бейпилдик күчтөр үч тараптуу келишимдин алкагында өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбай жатат.

Азербайжан бийлиги Лачин блокадага алынбаганын, активисттер гуманитардык жүктү кое берип жатканын айтууда.

Бир нече апта мурун Пашинян ЖККУнун Еревандагы саммитинде өнөктөштөр Баку менен тиреште Ереванды жетиштүү колдогон жок деп биргелешкен билдирүүгө кол коюудан баш тарткан.

2020-жылдын күзүндө алты жумага созулган согуш эки тараптан тең 6500дөн ашуун аскердин өмүрүн алып, Орусиянын ортомчулугу менен ок атышуу токтотулган. Азери аскерлери 1990-жылдары кол жууп калган Тоолуу Карабактагы бир топ жерлерди кайтарып алган. Макулдашууда орус бейпилдик күчтөрүн жайгаштыруу каралган.

XS
SM
MD
LG