Ссылки доступа

Казакстандын 10 аймагында суу ташкындары болушу мүмкүн (видео)


В этом году паводок грозит 10 регионам Казахстана: зима была снежной, таяние ожидается резким и с дождями
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:31 0:00

Казакстандын метеорологдору спутниктен тартылган сүрөттөр аркылуу өлкө аймагынын 70% кар каптап турганын аныктап, күн кескин жылып кетсе суу ташкындары болушу мүмкүн экенин эскертишти.

"Абанын температурасы кескин жогорулап, жаан-чачын көп жааса, Казакстандын түштүк жана түштүк-чыгыш аймактарындагы дарыяларда суунун деңгээли жогорулашы мүмкүн. Божомолдорго ылайык, март айында өлкө аймагынын көпчүлүк бөлүгү жылуу жана жаанчыл болот", – деп билдиришти синоптиктер.

Февралдын башында Түркстан облусунда суу ташкындан улам 200 киши эвакуацияланган. Жакында эле мындай кабарлар өлкөнүн түштүк аймактарынан да келе баштаган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жетысу облусундагы Кызылжар айылында короо-жайларды суу каптаганын, кыйроолор болбогонун билдирген.

Ушул эле облуста суу ташкыны цемент заводунун 50 метрлик дубалын жууп кеткен. Жумушчулар суу агымдарын ишканадан башка тарапты көздөй бурушкан. Аймактык өзгөчө кырдаалдар департаменти суу ташкындарына каршы күрөш эми гана башталып жатканын, ага азыртадан даярдык көрүү керектигин билдирди.

Синоптиктен жакынкы апталарда Жетысу облусунда жаан-чачын болорун божомолдоп жатышат. Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө аймагындагы 700 миңден ашык киши жашаган 255 калктуу конушту суу каптоо коркунучу бар экенин кабарлаган.

Казакстанда жаз мезгилдеринде суу ташкындары көп катталат. Өткөн жылы Батыш-Казакстан облусунда 185 үйдү суу каптаган. 2018-жылы Чыгыш Казакстанда сел жүрсө, 2010-жылы мартта Алматы облусундагы селден 45 киши өлгөн.

Кызылагаш: 10 лет страшному наводнению в Казахстане
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:43 0:00
XS
SM
MD
LG