«Негизги идея Украинадагы тынчтык, Орусиядагы тынчтык, Израилдеги тынчтык, Палестинадагы тынчтык жөнүндө ыр чыгаруу эле. Эргүүнүн булагы тынчтык болчу ”, - деди ал Reuters агенттигине.
Манижа туулган жери Тажикстандан Орусияга жаңы ыр гана эмес, дагы бир кубанычтуу кабар менен кайтты. Ырчы экинчи наристесин күтүп жатат. Ырчынын айтымында, бул анын жашоосуна жаңы маңыз алып келет:
“Кыз төрөйм. Мен абдан тынчсызданып жатам. Эми мен кызыма кандай келечек тартуулай турганымды чечишим керек. Ошон үчүн бул ырды Тажикстандын тоолорунда жаздым».
Манижа башка орус артисттери сыяктуу эле согушка каршы позициясы үчүн Орусияда "кара тизмеге" киргизилген. Бул аймакта концерт берүүгө жана музыкалык сынактарга катышууга тыюу салынгандыктан, бир канча убакытка чет өлкөгө чыгууга аргасыз болгон.
Манижа “Крокустагы” теракттан кийин Орусиядагы тажик мигранттары ксенофобиялык көрүнүштөргө туш болушу мүмкүн деген кооптонуусун билдиргенден кийин анын социалдык тармактардагы аккаунттары хейтерлердин чабуулуна дуушар болгон.
«Согушка каршы позициям үчүн мага ырдоого тыюу салынды. Мен кара тизмеге кирдим. Менин өлкөмдө менин музыкама тыюу салынган. Ооба, мен Орусияны мекеним деп атайм, анткени мен бул өлкөнү абдан сүйөм жана азыр да ушул жердемин. Бул менин үйүм. Бул чектөөлөр үч жылдан ашык убакыттан бери уланып келет. Мен калп айтпайм. Мен бул кыйын экенин билем, бирок мен өз жолумду улантам», - деди ал.
Манижа Сангин соул жана этно стилдеги композицияларды аткарат. 2020-жылдын аягынан бери Манижа БУУнун Качкындар боюнча Жогорку Комиссарлыгынын кеңсесинин ыктыярдуу элчиси. 2021-жылы Манижа «Русская женщина» ыры менен "Евровидение" сынагына Орусиянын атынан катышкан.