Ссылки доступа

Эмомали Рахмондун иниси Гиссар шаарынын прокурору кызматына дайындалды


Умеджон Рахмон
Умеджон Рахмон

Тажикстанда президент Эмомали Рахмондун иниси Умеджон Рахмон Гиссар шаарынын прокурору кызматына дайындалды. Бул тууралуу "Озоди" радиосу 29-апрелде өз булактарына таянып кабарлады.

Маалыматка караганда, Умеджон Рахмон Гиссар шаарынын прокурору кызматына эки ай мурда эле киришкен. Бирок андан бери бул боюнча эч кандай расмий билдирүү болгон эмес.

Буга чейин Душанбедеги Сино районунун прокурор кызматында иштеген 39 жаштагы Умеджон Рахмон Эмомали Рахмондун 2017-жылы каза болгон бир тууганы Нуриддин (Хайриддин) Рахмондун уулу. Ал 2005-жылы Тажик Улуттук университетинин юридика факультетин аяктаган, юстициянын полковниги наамына ээ.

Буга чейин Эмомали Рахмон дагы бир иниси Исломиддин Рахмонду өлкөнүн Монополияга каршы күрөшүү кызматынын башчысы кызматына дайындаганы кабарланган.

Тажик оппозициясынын өкүлдөрү жана батыш укук коргоо уюмдары Тажикстандын президентин бийликти монополизациялап алганы жана непотизм үчүн дайыма сындап келишет.

Эмомали Рахмондун жети кызы жана эки уулу бар. Бүгүнкү күндө анын көптөгөн жакын туугандары өлкөнүн мыйзам чыгаруу жана аткаруу органдарында жетектөөчү кызматтарда иштейт. Улуу баласы Рустами Эмомали парламенттин Жогорку палатасынын төрагасы жана Душанбе шаарынын мэри. Кызы Озода Рахмон мамлекет башчысынын аткаруу аппаратын жетектейт. Рахмондун дагы бир кызы, Рухшона Эмомали Тажикстандын Улуу Британиядагы жана Түндүк Ирландиядагы элчиси болсо, анын күйөөсү Шамулло Сохибов Тажикстандагы эң ийгиликтүү ишкерлердин бири болуп эсептелет. Ал бир тууганы Зохир Сохибов менен бирге Тажикстандын күйүүчү май базарын жана башка кирешелүү тармактарын монополдоштуруп алган.

Тажик президентинин үчүнчү кызы - Тахмина Рахмон күйөөсү Зарифбек Давлатов менен чогуу бизнес менен алектенет. "Озоди" радиосунун иликтөөсүндө алар "Аба байланыштар агенттиги" компаниясына ээлик кылары белгиленген. Мурдараак бул компания авиабилеттерди сатууга бардык укуктарды алганы кабарланган.

Рахмондун төртүнчү кызы Парвина Рахмондун күйөөсү Ашрафжон Гулов Тажикстандын Түркиядагы элчиси. Дагы бир кызы Заррина Рахмон Тажикстандын Байланыш кызматын жетектеген Бег Сабурдун баласына турмушка чыккан.

Рахмондун кайниси Хасан Асадуллозода өлкөдөгү эң ири насыя берүүчү мекеме эсептелген "Ориенбанкты" жетектейт.

АКШ Мамлекеттик департаментинин 23-апрелде жарыяланган адам укуктары боюнча баяндамасында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана анын үй-бүлөсү өлкөнүн саясаты менен экономикасында чексиз бийликке ээ экени белгиленген.

XS
SM
MD
LG