Расмий маалыматтарга ылайык, бүгүнкү күндө аталган лагерде 200гө жакын тажикстандык аялдар менен балдар калууда.
Тажик бийлиги быйыл апрелдин аягында атайын аба каттамын уюштуруп, Сириядан 15 аялды, 17 кызды жана 15 баланы Душанбеге алып келген.
Тажикстандын Кувейттеги элчиси Зубайдулло Зубайдзоданын айтымында, алгач Сириядан көп сандаган тажикстандыктарды чыгарып кетүү пландалган. Бирок "Ислам мамлекети" (ИМ) террордук уюмуна кошулуп кеткен мурдагы тажик жоочуларынын аялдарынын айрымдары акыркы учурда балдары уурдалганына байланыштуу калып калышкан. Алар балдарын "Хасба" тобу уурдап кеткенин, балдары жок кетпестигин билдиришкен.
Хасба – качкындар лагерлериндеги эрежелердин аткарылышын көзөмөлдөгөн радикал топ. Ал ИМдин диний полициясы катары иштейт. Буга чейин топ ИМдин көзөмөлүндөгү бардык аймакта орнотулган эрежелердин сакталышына көзөмөл жүргүзүп келген. ЖМКлар Хасбанын өкүлдөрү лагердеги эрежелерди сактабаган аялдарды катаал жазалап, гуманитардык уюмдардын кызматкерлерине кол салганын бир нече жолу кабарлашкан.
Акыркы беш жылдын ичинде Тажикстандын бийлиги Ирак менен Сириядан мекенине согушкерлердин 300дөн ашык аялдарын жана балдарын алып келди. Алардын айрымдары туугандарына өткөрүлүп берилсе, калгандары атайын борборлордо кармалууда.
Элчи Зубайдулло Зубайдзода "Озоди" радиосуна берген маегинде Ирактан жана Сириядан аялдар менен балдарды алып келүү өнөктүгү дээрлик аяктап калганын билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата аталган эки өлкөдө "адам чыдагыс шарттарда" кармалып турган тажикстандык аялдар менен балдардын 90% мекенине алып келинди.
"Мекенине кайтып келүүнү өтө каалагандардын баары Тажикстанга жеткирилди. Калгандары аз эле. Алар да жакынкы күндөрү мекенине жеткирилет деп ойлойм. Мындан тышкары азыр Ирактын түрмөлөрүндө 37 тажик аял отурат. Алар соттун чечими менен өмүр бою эркиндиктеринен ажыратылган. Балдары 2019-жылы Тажикстанга жеткирилген. Болжол менен бир ай мурда ал аялдар менен жолугуп келдик. Кармоо шарттарына же жасаган мамилелерине эч кандай даттануулары жок экенин билдиришти", – деди элчи.
Анын айтымында, түрмөдөгү аялдар мекенине кайтып келүү үчүн Тажикстан менен Ирактын ортосундагы экстрадиция тууралуу макулдашууга кол коюлушун күтүүдө.
Тажик бийлигинин маалыматы боюнча, 2014-жылы ИМ тобу Ислам халифатын түзгөнүн жарыялагандан бери 2 миңдей тажик жараны Сирия менен Иракка барган. Алардын көпчүлүгү аялдары жана балдары менен кетсе, кээ бирлери Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө үй-бүлө курушкан. Алардын көбү өлтүрүлгөн, камалган, же дагы деле дайынсыз.