Ссылки доступа

Хожентте жүргүнчү автобусттар каттамга чыкпай калды


Тажикстандын Хожент шаарында автобустар жүргүнчүлөрдү ташууну токтотту.

Шаардык транспорт башкармалыгы азыркы кырдаал боюнча комментарий берген жок.

Буга чейин шаардык мэриянын өкүлдөрү каржылык көйгөйлөрдүн бар экенин айтышкан. Хожент шаарындагы «Жүргүнчүлөрдү ташуу» мамлекеттик ишканасы 2018-жылы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан 26 миллион доллар өлчөмүндө грант алып, иштеп жаткан.

Бирок акыркы бир нече жумадан бери Хоженттин көчөлөрүндө кичи автобустар, жеңил унаалар жана таксилерден башка бир да жүргүнчү автобус жүргөн жок.

Жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн мындан алты жыл мурун Хожентке алынып келинген 100 жүргүнчү ташуучу автобустун бүгүнкү күндө бирөө да иштеген жок.

Ушундай эле абал былтыр сентябрь, октябрь айларында да байкалып, анда ишкана айлык акы төлөөнү кечиктирип, каржы маселесинен улам айдоочулар жумушка чыкпай калганы белгилүү болгон. Алардын айлыгы төлөнүп берилгенден кийин 20 гана автобус каттамга чыккан. Ал эми мекемеде учурда эмне болуп жатканы айтылбайт.

XS
SM
MD
LG