Ссылки доступа

Бишкекте Украинанын Коопсуздук кызматынын мурдагы офицерине кол салууга шектелген киши кармалды


Бишкектеги "Манас" эл аралык аэропорту
Бишкектеги "Манас" эл аралык аэропорту

18-апрелде Москванын Замоскворецкий соту Украинанын Коопсуздук кызматынын мурдагы офицери Василий Прозоровдун унаасын жардырууга катыштыгы бар деп айыпталган Владимир Головченкону камакка алды.

Орусиянын мамлекеттик ТАСС агенттиги менен The Insider көз карандысыз басылмасынын булактары Головченко Кыргызстандын аймагынан кармалып, Орусияга жеткирилгенин кабарлашты.

ТАССтын укук коргоо органдарындагы булагы Головченко туугандары жашаган Кыргызстандан жарандык алганын, бул жакта тергөөдөн качууга аракет кылганын ырастап, ал кыргыз-орус күч түзүмдөрүнүн өз ара аракеттенүүсүнүн аркасында кармалганы билдирген. ТАСС ошондой эле камакка алынган адамдын Украинада жашоого уруксаты бар экенин жазды.

The Insider Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетиндеги булагына таянып, Головченконун кармалышынын чоо-жайын жазды. Ага ылайык, Москвада Прозоровдун унаасы жарылган күндүн эртеси, 13-апрелде Бишкекте Головченкону "көчөдөн кармап, аэропортко алып кетишкен". Булактын айтымында, иштин материалдары жашыруун. Булак ошондой эле тергөөнү Кыргызстандын коопсуздук органдары эмес, ФСБ жүргүзүп жатканын жана мекеме аны "ички өнөктөш каналдары аркылуу Орусияга экстрадициялоону макулдашканын" билдирди. Ал Головченкону кайсы өлкөнүн – Кыргызстандын же Орусиянын күч органдары кармаганын айткан жок.

Головченко бул иш боюнча кармалган экинчи адам. Биринчи кармалган адамдын аты-жөнү айтылган эмес.

12-апрелде Москванын түндүгүндө Прозоровдун унаасынын астында белгисиз орнотмо жарылган. Бул Прозоров унааны от алдырган учурда болгон. Ал бутунан жаракат алып, ооруканага жаткырылган.

Тергөө комитети адам өлтүрүүгө аракет кылуу беренеси менен кылмыш ишин козгоду. ФСБ адам өлтүрүү аракетин Прозоров мурда иштеген Украинанын Коопсуздук кызматы уюштурган деген пикирде.

Мурдагы офицер 1999-жылдан тарта Украинанын Коопсуздук кызматынын эксперт-консультанты болуп, 2014-жылдын май айынан тарта борбордук аппаратта, атайын кызматтын антитеррордук борборунун штабында иштеген. 2019-жылдын март айында ал Москвада маалымат жыйынын өткөрүп, 2014-жылдын апрелинен тартып 2018-жылга чейин Орусиянын атайын кызматтары менен "идеологиялык себептерден улам ыктыярдуу кызматташканын" билдирген. Украинанын Коопсуздук кызматы Прозоров "жумуш ордунда алкоголдук ичимдиктерди ырааттуу түрдө ичкендиги, офицердик наамга шек келтиргендиги үчүн" бошотулганын маалымдаган.

2023-жылы Орусиянын чалгын кызматтары Бердянск шаарында жашаган Прозоровго кол салуу аракетинин алдын алганын кабарлашкан.

XS
SM
MD
LG