Ссылки доступа

Өзбекстанга баруу көптөгөн түркмөнстандыктар үчүн киреше булагы болуп калды


Акыркы айларда Өзбекстанга келген түркмөндөрдүн саны көбөйдү. Түркмөнстан жарандары коңшу республикага негизинен соода жүргүзүү жана банк карталарынан акчасын накталай чыгаруу максатында барышат. Бул тууралуу "Азаттыктын" түркмөн кызматынын Лебап облусундагы кабарчысы билдирди.

"Түркмөндөрдүн көбү негизинен Өзбекстандын Хорезм облусуна барышат. Экономикалык кыйынчылыктар уланып жаткан шартта эки өлкөнүн ортосундагы өз ара соода мүмкүнчүлүктөрү көптөр үчүн киреше булагына айланды", - дейт кабарчы.

Түркмөн соодагерлери Өзбекстанга текстиль буюмдарын, таңгакталган эт азыктарын, желим идиштерди жана электр шаймандарын ташышат.

Өз кезегинде түркмөн соодагерлери Дашогуз жана Лебап облустары менен чектешкен Өзбекстандан тамеки жана алкоголдук ичимдиктерди алып келишет.

Коңшу өлкөгө келген түркмөн жарандарынын арасында банк карталарынан акча чыгарууну көздөгөндөр да бар.

“Бул жарандар мындан төрт-беш жыл мурун мультивалюталык карталарына акча которуу мүмкүн болгондо ай сайын 500 долларга чейин которуп турушкан. Эми алар Өзбекстанга барып, ай сайын 250 доллардан накталай чыгара алышат”, - деди ашхабаддык ишкер.

2016-жылы манат конвертацияланбай калгандан кийин өлкөдө эки валюта курсу иштей баштады - расмий жана көмүскө курс. Түркмөнстандын Борбордук банкы бир долларды 3,5 манат деңгээлдинде кармап турат, анын кара базардагы баасы учурда 20 манатты түзөт. 2016-жылы чектөөлөр киргизилгенден кийин өкмөт жарандарга ай сайын расмий курс боюнча 500 долларга чейин акча которууга мүмкүндүк берген. Жарандар бул акчаны өлкө чегинен тышкары гана накталай алып турушкан. Бирок бул мүмкүнчүлүк акырындык менен чектелип, коронавирустук пандемия учурунда толугу менен токтотулган.

Учурда бир дагы түркмөн банкы жарандардын акчасын чет элдик валютадагы банк карталарына которбойт.

XS
SM
MD
LG