Басылманын маектеши Орусиянын бул темадагы билдирүүсүн "опузалоо дипломатиясы" деп атаган.
АКШ президентинин администрациясы жана америкалык мыйзам чыгаруучулар Орусиянын азык-түлүк каатчылыгын жеңүүгө жардам берүүгө даяр экендиги тууралуу билдирүүсүнө шектенүү менен кароодо. Маселен, Айдахо штатынан сенатор Жеймс Риш Москванын дан экспорту маселесин чечүү үчүн санкцияларды алуу талабын "шантаж" деп атады.
Вашингтон Кара деңиз аркылуу дан экспорттоону жандандыруу боюнча БУУнун жана Түркиянын Орусия менен сүйлөшүүлөрүнө өзгөчө көңүл бөлүүдө. Басылманын өз булагы Кошмо Штаттар Москвага каршы киргизилген экономикалык санкцияларды жумшартуу үчүн кандайдыр бир макулдашууларга барбай турганын белгилеген.
Politico басылмасынын БУУда иштеген маектешинин айтымында, санкцияны алууга дан экспортун аралаштыруу Москва менен болгон ансыз да "морт" сүйлөшүү жараянын ого бетер татаалдаштырат.
Кремль азык-түлүк жеткирүүдөгү кыйынчылыктар БУУнун эсеби боюнча миллиондогон адамды ачкачылыкка кептей турганын билдирүүдө. Москва муну батыш өлкөлөрүнүн жаңылыш экономикалык жана каржы саясатынын кесепети деп эсептейт.
БУУ украин портторунан дан алып чыгып кетүүгө Орусия кедерги тийгизип жатканын билдирүүдө. Орусиянын президенти Владимир Путин "Россия-24" телеканалына берген интервьюсунда бул билдирүүнү "калп" деп атаган. Ал Киев фарватерди минадан тазаласа, дан жүктөлгөн украин кемелеринин Кара Деңиз портторунан өтүшүнө кепилдик берерин айткан. Буга чейин Путин Италиянын премьер-министри Марио Драги менен телефондук сүйлөшүү учурунда Батыш Украинадагы согушка байланыштуу киргизилген санкцияларды алып таштаса, Орусия дүйнөлүк азык-түлүк каатчылыгын жеңүүгө үлүшүн кошууга даяр экенин айткан.
Орусия менен Украина дан өндүрүү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы бешилтикке кирет. Орус армиясы Украинага кол салгандан бери азык-түлүк баасы кескин жогорулап кетти.