Ссылки доступа

Politico: АКШ Украинага алыс аралыкка атуучу жогорку тактыктагы реактивдүү системаларды берүүнү каалабайт


АКШнын бийлиги Украинага алыс аралыкка атуучу жогорку тактыктагы реактивдүү системаларды берүүнү каалабайт. Бул тууралуу Politico журналы өз булактарына шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, Вашингтон украин тарап ал системалар менен Орусиянын аймагына сокку жасап, жаңжал кескин курчуп кетиши мүмкүн деп кооптонууда.

Басылма белгилегендей, кеп 300 чакырым алыстыкка атууга жөндөмдүү заманбап америкалык HIMARS системалары жөнүндө болууда. Киев бул системалар Украинага алыстыгы жана кыйратуучу күчү жагынан Орусиянын оор артиллериясына үстөмдүк кылууга мүмкүндүк бермек деп эсептөөдө.

Украинага HIMARS жана башка ушул сыяктуу системаларды берүү маселеси апрелдин аягында АКШнын Германиядагы Рамштайн базасында 40ка жакын өлкөнүн аскердик өкүлдөрү катышкан жыйында талкууланган. "Рамштайнда импульс болгон, бирок азыр ал жөнүндө сөз токтоп калды шекилдүү", - деп жазды Politico.

Басылма акыркы айларда АКШ Украинага союздаштарынын кампаларында сакталып турган советтик эски ракеталык системаларды бергенин, бирок Киев кыйла заманбап америкалык куралдарды алууну көздөп жатканын жазды.

Апта башында Украинага заманбап ракеталык артиллерия берүү ыктымалдыгы тууралуу Пентагондун расмий өкүлү комментарий берген. Ал Киевге HIMARS системаларын жеткирүү боюнча Вашингтондун планын ырастаган да, төгүндөгөн да жок. "АКШ украин бийлиги менен аларга керек болуп жаткан каражаттар жөнүндө дайыма сүйлөшүп турат", - деген ал.

Орусия Украинага кол салгандан бери АКШ Киевге дээрлик 4 миллиард долларлык аскердик жардам берди.

Москва Украинага курал жеткирүүнү сынга алып, ал тынчтык тууралуу сүйлөшүүлөргө жардам бербей турганын айтып келет.

Видео

Видео

 Элдик таланттарга шык берген амфитеатр
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:05:41 0:00
XS
SM
MD
LG