Бүгүнкү күндө Орусияда чет элдик жарандарды өлкөдөн чыгаруу чечимин сот же өлкөгө кирип жатканда укук бузуу катталган учурларда Чек ара кызматы гана кабыл ала алат.
Мыйзам долбоорунда депортациялоо чечими кабыл алынган же Орусияда жүрүүгө берилген уруксаты жокко чыгарылып, бирок өлкө аймагында жүргөн чет элдиктер үчүн өлкөдөн чыгаруу режимин киргизүү сунушталган. Аларга өлкөдөн чыгарылганга чейин Орусияда кыймылсыз мүлк жана транспорт каражатын сатып алууга, ошондой эле автоунаа айдоого, насыя алууга, Орусиянын аймагында эркин жүрүүгө, үй-бүлө курууга, банктарда жаңы эсептерди ачууга жана айына 30 миң рублдан ашык каражат коротууга тыюу салынат.
Мындай мигранттарга карата өзгөчө көзөмөл болуп, алар атайын реестрге киргизилип, полиция кызматкерлерине кайда жүргөнү жөнүндө дайыма маалымат берип, картадан геолокацияны белгилеп, сүрөт жөнөтүп турууга милдеттүү болушат.
Документке тиркелген түшүндүрмө-маалымкатта долбоор чет өлкөлүк жарандарды депортациялоонун жана административдик чечим менен өлкөдөн чыгаруунун механизмдерин унификациялоого багытталганы, бул соттордун убактысы менен чыгымдарын үнөмдөй турганы жазылган.
"Крокус Сити Холл" концерттик залындагы терактка шектүү катары тажик жарандары кармалгандан кийин орус бийлиги Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган мигранттарга карата көзөмөлдү күчөткөн. Тиешелүү документтери жок чет өлкөлүктөр жапырт Орусиядан депортацияланса, жаңы келген мигранттардын көбү аэропорттордо жана чек араларда өлкөгө киргизилген эмес. Өлкөнүн ондогон аймагынын бийликтери мигранттардын жүргүнчү ташуу сыяктуу бир катар тармактарда иштөөсүнө тыюу салган. Расмий версияга ылайык, мындай чаралар "жергиликтүү жашоочулардын өмүрүнүн жана саламаттыгынын коопсуздугу үчүн кабыл алынганы" кабарланган.
Анда Борбор Азия өлкөлөрүнүн расмий органдары өз жарандарына зарыл болбосо Орусияга барбай турууну сунушташкан.