Ссылки доступа

АКШ Мамдепартаментинин баяндамасы: Тажикстанда 400гө жакын саясий туткун бар


2023-жылы Тажикстандагы адам укуктарынын абалы дээрлик өзгөргөн жок. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин 23-апрелде жарыяланган жаңы баяндамасында жазылган.

Президент Эмомали Рахмон менен анын үй-бүлө мүчөлөрү экономикада жана саясатта чексиз бийликке ээ экенин белгилеген баяндаманын авторлору Тажикстанда саясий туткундар менен соттолгон журналисттер көбөйгөнүн, сот бийлиги көз карандысыз эмес экенин, кыйноолорго тиешеси бар укук коргоо кызматкерлери жазасыз калып жатканын, трансулуттук репрессиялар уланып, сөз эркиндиги менен интернет чектелип жатканын жазышкан.

Тажикстандын бийлиги буга чейин бир нече жолу өлкөдө саясий туткундар жок экенин билдирген. Бирок Мамдепартаменттин баяндамасында тажик түрмөлөрүндө 400гө жакын саясий туткун отурганы белгиленген. Алардын көбүн 2022-жылы Тоолуу Бадахшан автоном облусунда болгон нааразылык акциялардын катышуучулары жана элди күч менен таратуу боюнча бийликтин аракеттерин сындап чыккан активисттер түзөт.

Тажик бийлиги 2022-жылы жазында аталган автоном облуста уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн кармоо операциясы жүргүзүлгөнүн билдирген. Аймактын тургундары менен активисттери ал "операцияларды" жергиликтүү элге каршы репрессия деп эсептеп келишет.

Баяндамада Эмомали Рахмондун чет өлкөлөрдө жүргөн оппоненттеринин куугунтукталып жатканына өзгөчө көңүл бурулган. Буга чейин тажик өкмөтү 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында эле чет өлкөлөрдөн "экстремизм" жана "терроризм" айыптары менен 36 киши өлкөгө кайтарылганын билдирген. Алардын 18и Орусиядан, 15и Түркиядан, калганы Германиядан, Өзбекстандан жана Польшадан алып келинип, баары тең узак мөөнөттөргө соттолгон.

XS
SM
MD
LG