Ссылки доступа

Түркмөнстанда ун 250%, нан 150% кымбаттады


Түркмөнстандын мамлекеттик дүкөндөрүндө ундун баасы күтүүсүз көтөрүлгөнүнө бир жумадан ашты.

Учурда мамлекеттик дүкөндөрдө ун коммерциялык баада гана сатылууда. Өлкө аймактарында 50 килограммдык бир кап ун 125 манаттан 400 манатка чейин сатылып жатат.

Ундун эң арзаны өлкө жетекчилеринин мекени болгон Гөкдепеде – килограммы 2 манат 50 теңгеден сатылууда. Ал эми борбордогу мамлекеттик дүкөндөрдө ушундай эле сапаттагы ундун килограммы 3,5 манаттан тарта 4,2 манатка чейин сатылып жатат.

Лебап облусунда 50 килограммдык бир кап унду орточо 370 манаттан алууга болот. Түркмөнстандын Борбордук банкынын курсу боюнча 3,5 манат 1 АКШ долларына барабар.

Бир нече жылдан бери мамлекеттик дүкөндөрдө арзан ундун килограммы 1 манатты түзүп, бир кишиге айына 5 килограммдан гана сатылып турган. Жакында ундун баасы кескин кымбаттап, 3,5 манатка чейин жетти.

Түркмөнстандын өкмөтү баа көтөрүлөрүн алдын ала жарыялаган эмес жана себебин түшүндүргөн жок. Бирок ундун кымбатташы өкмөт дыйкандардан эгин сатып алуу баасын көтөргөн учурга туш келди.

Ундун кымбатташы нандын да кымбатташына алып келди.

12-февралда ундун баасы дээрлик 250%, нандын баасы 150%га кымбаттаганы белгилүү болгон. Ошол эле учурда дүкөндөрдүн алдындагы кезек күткөндөр да азайган.

XS
SM
MD
LG