Ссылки доступа

Орусияда шайлоонун акыркы күнүндө кеминде 80 киши кармалды


Жекшембиде, президенттик шайлоонун акыркы күнүндө Орусиянын 20 шаарында кеминде 80 адам кармалды. Бул тууралуу саясий камоолорго байкоо салган "ОВД-Инфо" тобу билдирди.

Санкт-Петербургда шайлоо бюллетенине “Баарыңарга наалат” деп жазган активист Виталий Иоффе добуш берүүдөн кийин кармалды.

Ошондой эле шаардын борборунда шайлоо тилкесине жакын жерде полиция чак түштө “Фонтанканын” журналистин кармаган.

Орусиянын башка шаарларында да активисттер кармалды.

Казан шаарында 20 киши кармалып, кийин кое берилди. Уфанын тургуну добушканада оппозициялык саясатчы, маркум Навальныйдын сүрөтүн үкөккө салууга аракеттенгенде, Москвада Навальныйдын сүрөтү тартылган футболка кийип барган киши кармалганы кабарланды.

Орус оппозициясы жекшембиде "Путинге каршы чак түш" деген акцияны өткөрүүгө, шайлоо тилкелерине жапырт келүүгө үндөгөн.

Москва шаарынын прокуратурасы 17-мартта түштө шайлоого келүү чакырыгы “жарандардын өз эркин билдирүүсүнө жана шайлоо комиссияларынын ишине тоскоолдук түзүү аракети деп бааланарын, катышуучулар кылмыш жообуна тартыларын эскерткен.

Акцияга чет жактардагы, анын ичинде Бишкектеги орус жарандары да катышты.

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы 17-мартта Москва убактысы боюнча саат 15.45ке карай шайлоо укугуна ээ 114 миллион кишинин 70% онлайн же участокторго барып добуш бергенин билдирди.

Алгачкы жыйынтыктар 18-мартта белгилүү болот.

XS
SM
MD
LG