«Үйсүз калдым. Баш калкалай турган жер тапканча жардам бергиле дегем. Бирок эч ким шашылган жок. Ушинтип эле үйдүн урандысын карап короодо отуруп калдым. Уулум тактай алып койду эле, сел анын көбүн агызып кетти. Короодогу жашылча-жемиштер да жараксыз болуп калды", — дейт ал.
Фотима Рахмонованын үйү — май айындагы селде эң көп зыянга учураган төрт үйдүн бири. Бийлик анда келтирилген чыгымды 83 миң сомони (8 миң доллар) деп баалаган.
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү селден кийин Рахмоновага 80 мүшөк цемент берилгенин, алдыда анын үйүн оңдоп берүү планы бар экенин билдирди.
Фотиманын айтымында, бийлик ага бир жолку жардам катары 800 сомони, ун жана өсүмдүк майын берген.
Селден жабыркаган айылдын башка тургундары да бийликтен жардам күтүүдө. Майыптыгы бар Назримад Махмадалиев үйү катуу зыянга учурагандыктан, анда жашоо кооптуу болуп калганын айтат.
«Күн өткөн сайын суук болуп баратат. Үйүбүз жараксыз болуп калды. Бизди колдоп, жок дегенде кыш түшүрүп беришсин», — дейт ал.
Восей районунун башчысы Жамшед Шарифзода бардык жабырлануучуларга жардам берилерин билдирди.
«Азыр биз толугу менен урап калган үйлөрдүн пайдубалын куйдук. Мамлекеттин эсебинен 20 миң бышкан кыш берилди. Калган үйлөргө 1,5 тоннадан цемент жана башка курулуш материалдары бөлүнөт» — деди Шарифзода.
Быйыл жазында Тажикстандын Восей районунда 18 жолу сел жүрүп, 200дөй үй зыянга учураган.