Ссылки доступа

Европанын түштүгүндө мыйзамсыз мигранттардын агымы кыйла көбөйдү


Лампедуза аралына түшүп жаткан мигранттар. 24-июль 2020-жыл
Лампедуза аралына түшүп жаткан мигранттар. 24-июль 2020-жыл

Италиянын бийлиги мыйзамсыз мигранттардын агымы болуп көрбөгөндөй көбөйгөнүнө байланыштуу өзгөчө абал режимин жарыялады.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын башынан бери Италияга деңиз аркылуу 30 миңден ашык мигрант барган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчкө салыштырмалуу төрт эсеге көп. Акыркы үч күндүн ичинде эле куткаруучулар деңизден 3 миңден ашык мыйзамсыз мигрантты алып чыгышкан.

Италия өкмөтүндөгү булактар өлкөнүн түштүк аймактарындагы Лампедуза, Сицилия өңдүү порттор мигранттардын агымына туруштук бере албай калып жатканын билдирди.

Марттын башында Италиянын бийлиги мигранттарды мыйзамсыз ташууну уюштургандар узак мөөнөттөргө – 30 жылга чейин эркинен ажыратыларын эскерткен.

БУУнун Качкындар иштери боюнча уюмунун маалыматына караганда, 2014-жылы Жер Ортолук деңиз аркылуу түрдүү кайыктар менен 218 миң мигрант өтүүгө аракет кылып, алардын 3 500гө жакыны чөгүп өлгөн.

2015-жылы жээктен 70 милль алыстыкта 700дөн 950гө чейинки санда мыйзамсыз мигранттар келаткан кеме чөгүп, 28 гана киши тирүү калган. Бул жүздөгөн мигранттардын өмүрүн алган эң ири кырсык болуп калды.

XS
SM
MD
LG